1 жума мурун "Досум концентратор алып коюш керек болуп атат" деп жазган элең. Пациенттерге керек окшойт деп, концентратор саткан адамдын номерин бериптирмин. Ошондо ден-соолугуңду эмне сурабадым мен?! Балким жардам керек болуп жаздыңбеле же?! Балким кандайсың деп сурасам башка нерселер айтып берет белең?! Кечир акмак досуңду! Жакшы жаман күндө жаныңда болалбадым, мен кандай досмун эми?! Бас кеттик Турцияга десем, баарыңар кетсеңер Кыргызстанда ким калат деп калдың эле. Эмнеге ошондо зордоп эле алып кетпедим сени?!
Эмне деп ойлондуң, эмнеден сыздадың экен досум?! Тирүү кезиңде баалай албадык сени! Кечир бизди!
Биз бар жогубузду берели, жакшылар аман болсочу, эрте кетпесечи!
Оо Аллахым Жумабайды өз рахматыңа ала көргүн! Арабыздан эң жакшысы эле!
Бүгүн кыргыз дагы бир азамат уулунан ажырады! Нур ичинде жат досум!
Дагы канча жанды алып кетет?
Сабыр кылалы, кайраттуу бололу...
Эл биримдикте, биз женебиз бул илдетти.
Кудайым колдосун, коргосун жалпыбызды!🤲



