Көпкөндүкпү же, көйрөңдүкпү?
Фейсбук колдонуучу тарабынан бүгүн жүктөлгөн видеодо бир жаш жигиттин автомашинанын терезесинен белине чейин чыгарып, тапанчадан дүрмөтсүз курогун басып, кыйкырып бара жатканын көрүүгө болот. Бул видеону иликтеп жатып, ал баланын өздүгүн аныкташты жана, күндүн экинчи жарымында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып келинди. Ал 2000- жылы туулган М. М. болуп чыкты. Окуя кечээ күнү 12-сентябрда, бул жигиттер тойго, Ноокат районуна бара жатканда Ош шаарына караштуу Жапалак айылынан чыга бериште видеотасмага түшүп калган. Тапанча пневматикалык болуп чыкты, тергөө тарабынан алынды. Учурда бул жарандын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн Ош ШИИБнын тергөө кызматы тарабынан каралып жатат.
Сүрөттө:кармалган жаран жана алынган тапанча.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
13.09.2020-ж.
















