Ош шаарындагы 5 кабаттуу үйдүн чатырынан 2 окуучу кыз кулап, бирөө каза болду
2022-жылдын 17-март күнү, саат 13.30 чамасында Ош облустук ооруканасынан маалымат келип түшкөн. Ал маалыматка ылайык, Ош шаарынын К.Маркс атындагы орто мектебинин 7-классынын эки окуучусу , классташ кыздар Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9-үйдүн чатырынан бойлорун таштап жиберишкен. Кыздардын бири окуя болгон жерже каза болгон, экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан быйыл эле педагогикалык жамаат менен биргеликте аталган орто мектепте бир нече ирет профилактикалык, түшүндүрүү иш чаралары өткөрүлгөн. Андан сырткары аймакты тейлеген милициянын кызматкерлери тарабынан тынымсыз алдын алуу иш чаралары өткөрүлүп турган. Акыркы ирет 4-март күнү дагы ал мектепте ушундай жолугушуу өтүп, анда милиция кызматкерлери, муниципиалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, психологдор дагы катышып, жаш балдардын кылмыштуулуктан алыс болуусу, суициддин алдын алуу иштери тууралуу сөздөр, суроо-жооптор болгон. (Бул тууралуу акыркы жарыяланган маалыматтын ссылкасы тиркелет).
Тилекке каршы, алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, арадан аз убакыт өтүп, аталган К.Маркс атындагы орто мектептин окуучулары тарабынан көп кабаттуу үйдөн бойлорун таштоо фактысы катталып жатат.
Учурда бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери башталды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
17.03.2022-жыл
Аталган мектептеги 2022-жылдын 4- март айында өткөрүлгөн профилактикалык иш чара тууралуу маалымат төмөндөгү ссылкада
https://www.facebook.com/100064877040262/posts/338237751682124/?sfnsn=mo
Канткенде өспүрүм интернетке көз каранды болуудан арылат? Чукул кырдаал учурунда кимге чалуу керек? Суициддин кантип алдын алууга болот? Оштогу милиция менен окуучулардын жолугушуусунда ушул сыяктуу суроолор талкууланды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык багыттагы жолугушууларды уюштуруп жатышат. Шаар аймагында март ай аралыгында эле 10дон ашуун жолугушуулар өткөрүлдү. Кезектеги ушундай иш чара жума башында Ош шаарындагы К.Маркс атындагы орто мектепте болуп өттү. Жолугушууга мектептин бардык окуучулары, педагогикалык жамааты, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын №4-милиция бөлүмүнүн, милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери катышышты. Окуучуларгакылмыштуулуктан оолак болуунун жана таалим-тарбиянын келечектеги орду, пайдасы тууралуу Ош ШИИБнын №4-милиция бөлүмүнүн начальниги Марипбай уулу Таирбек , К.Маркс атындагы мектеп-гимназиясынын директору Нарынбаева Элвиза айтып беришти. Жолугушуу учурунда кыскача музыкалык тыныгуулар болуп, мектептин өнөрлүү окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты
Башка жолугушуулардан айырмаланып, бул жолугушууга дарыгер-психологдор дагы чакырылды.
Жолугушуу негизинен суроо-жооп форматында өтүп, окуучулар өздөрүн кызыктырган бир нече суроолорго жооп ала алышты. Окуучулар жарандардын кылмыш жоопкерчиликке тартылуу курагы, чукул кырдаалда кайсы номерлерге чалуу биринчи кезекте зарылдыгы, эмне себептен суицидке баруу көбөйүп бараткандыгы, интернеттен көз каранды болбоо үчүн эмне кылуу керекигин сурашып, жоопторду ала алышты. Ал эми милициянын кайгуул кызматынын өкүлү жол эрежесинин сактабагандык кандай кесепеттерге алып келээрин айтып бержи.
Дарыгер-психологдун түрдүү оор абалдан абалдан чыгып кетүү боюнча айткан сөздөрү, ситуациялык суроолору окуучулардын жыйындагы активдүүлүгүн арттырды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бул багыттагы аткарган иш аракеттери улантыла бермекчи. Жакынкы арада мындай жолугушуулар Ош шаарынын бардык мектептеринде өткөрүлүп бүтөт.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
11.03.2022-жыл
Мына постто тиги бийлеп жаткан кыздардын сүрөтүн алып эле койсонор болчу экен же отконку постту болушпой эле койгула да. Өлгөн кыздар тууралуу пост чыгарып кыздардын сүрөтү турса, ушул кыздар өлгөн окшойт деп ойлоп калышы мүмкүн же өткөндө эле чогулуш кылган соң эки кыз өлүп жатса ал чогулуштун эч кандай таасири болбогонун далилдеп калгандай! 🤦♂️ 🤦♂️ 🤦♂️ 🤦♂️ 🤦♂️ 🤦♂️



