УВД г. Ош is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met УВД г. Ош.
УВД г. Ош is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met УВД г. Ош.
УВД г. Ош, profile picture

Ош шаарында аялына зомбулук көрсөткөн жаран камалды
2022-жылдын 22-февраль күнү Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну тургуну арыз менен кайрылып, аны 2022-жылдын 21-февраль күнү күйөөсү мас абалда келип, сөгүп жана анын денесине уруп, жараат келтиргендигин көрсөтүп, күйөөсүнө карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.Мындай зомбулук бир нече ирет буга чейин дагы болуп келгендигин айткан. Арыздануучуга дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын 4 кабыргасы жабык сынгандыгы, сол колунун манжасы сынгандыгы тууралуу корутунду чыгарып берген.
Аталган факты боюнча күйөөсүнүн аракетинде Кыргыз Республикасынын КЖКнин 177-беренесиндеги кылмыштын белгилери болгондуктан кылмыш иш козголгон.
Кылмыш иши боюнча тергөө тапшырмалар берилип, жабырлануучунун күйөөсүн С.Ч.ны суракка алып келүү көрсөтүлгөн. Бирок ал тергөөгө келбей изин жашырып кеткен.
2022-жылдын 8-март күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ч.С. Ош шаарынын аймагында бекинип жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө алынып келинген. Шектүү көрсөтмөсүндө окуя болгон учурларда мас абалда болгонун, жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алаарын билдирген. Мурда эки жолу сот жоопкерчилигине тартылган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы 41 жаштагы С.Ч.нын аялына зомбулук көрсөткөндүгү үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизди. Тергөө иши аягына чыгарылып, сотко жөнөтүлөт.
Ар-намысын жоготуп, аялзатына кол көргөн эркектер мындан ары дагы мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Материалга тиркелген иллюстрациялык сүрөт. Окуяга тиешеси жок.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
9-март, 2022-жыл.

Возможно, это изображение (2 человека, в помещении и текст)
Жанара Кыдыршаева, profile picture
Жанара Кыдыршаева
Эзип уруп салгыла... экинчи аялын ургус болсун... акмак да... жазасын тартсын...