Урматтуу, “Азаттык” радиосунун өкүлдөрү,
Кызыгуу менен кайрылгандыгыӊар үчүн ыраазычылык билдирем жана өлкөдө коронавирустун күчөп турган мезгилинде ден-соолукта болушуңарды каалайм.
Мен, депутат жана ошол эле учурда Райымбек Матраимовдун бир тууганы катары, сиздердин кайрылууга жооп катары төмөнкүлөрдү билдиргим келет.
Бүгүн, сиздер инимдин жеке жашоосуна дагы көңүл буруп, материалдарды кайрадан жарыялагандан кийин, эми мен гана эмес, бул иликтөөнүн автору да бир катар суроолорго жооп бериши керек деп эсептейм.
1. Автор, өзүнүн 2019-жылдын 30-майындагы иликтөөсүндө Райымбек Матраимовду Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетти деп айыптаган. Бирок, бул материалда да, кийинки материалдарда да, анын ичинде жаңы иликтөөсүндө да, автор дагы эле далилдерди берген эмес. Тескерисинче, бул теманы башка окуялар менен жаап салууга аракет жасалууда, тагыраак айтканда, иликтөөлөрдүн авторлору жаңы бөлүктөрүндө АКШнын сот органдарынын талабы боюнча алынган далилдерге негизделген бир катар башаламан тыянактарды келтиришет, бирок авторлор тарабынан тиркелген бир дагы документ Райымбек Матраимовго коюлган айыптарды тастыктабайт.
Ушундай жол менен Азаттык коомчулуктун көңүлүн буруп кетүүгө аракет кылып жатат деген сезим пайда болот;
2. Ушул эле иликтөөсүндө автор И.Матраимов атындагы кайрымдуулук фондун Айэркен Саймаитиден 2,3 миллион долларды мыйзамсыз алган деп күнөөлөп, ушул сумманы ырастоочу жасалма документтерди көрсөткөн. Бир жылдан ашык убакыт өттү, автор дагы эле жалган документтерди пайдаланганын мойнуна албай, жооп берүүдөн баш тартып келе жатат. Эгерде андай маалыматтары бар болсо, же жок дегенде расмий булактардан алынса, эмне үчүн автор анык маалыматты бербейт же маалыматты төгүнгө чыгарбайт. Иликтөөнүн жаңы бөлүгүндө чогуу иликтеген авторлоштор, мисалы “Клооп”, “Азаттык” тарабынан көрсөтүлгөн 2,3 миллион акча которуу жөнүндөгү документтер жалган экендигин мойнуна алышты. Ырастоо катары, алар мурунку иликтөөлөрдө жарыяланган маалыматтардын аныктыгын тастыктап беришпеген ошол банктарга кайрылышкан. Бирок “Азаттык” өзүнүн жаңы видео материалында бул учур жөнүндө сөз дагы кылган жок.
Азыр менде гана эмес, көптөгөн окурмандарда да суроолор пайда болду:
1. Райымбек Матраимов 700 миллион долларды чыгарып алгандыгын качан далилдеп бересиз же автордун айыптоолору негизсиз экендигин качан моюнга аласыздар?
2. Автордун 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө иш жүзүндө болбогон которуулар боюнча жасалма банктык квитанцияларды жарыялагандыгын качан моюнга аласыздар?
Жаңы иликтөөгө байланыштуу суроолор дагы пайда болду: Эмне үчүн сиздер фондго кайрымдуулук жардам катары киргизилген каражаттарды бир кыйла таң калыштуу жана башаламан тыянактар аркылуу арам акча каражаттар схемасынын бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылдыңыздар?
Чындыгында, жарыяланган компаниялардан же ишкердик менен алектенген адамдардан кайрымдуулук түрүндөгү суммалар түшкөн. Белгилей кетчү нерсе, алардын ар бири менен фонддун ортосунда акча каражаттарын пайдалануу максатын көздөгөн келишим түзүлүп, анда бардык которуулар кайрымдуулук фондунун банктык эсебине расмий түрдө келип түшкөндүгү жана арналган максатына жараша багытталгандыгы көрсөтүлгөн.
Мунун мыйзам бузулушу эмнеде же фонд Кылмыш-жаза кодексинин кайсы беренесин бузганын жана бул акча Райымбек Матраимовго кандай байланышы бар экендигин түшүндүрүп бериңиздерчи?! Эгер, Сиз айткандай, бул акча ага арналган болсо, анда бул каражаттар кайрымдуулуктан башка эч кандай чыгымдай албай турган фондго которулуп кеткендиги таң калыштуу эмеспи? Бул каражаттар анын уставдык милдеттерин, башкача айтканда кайрымдуулук максаттарын аткаруу үчүн гана жумшалат.
Азыр, меним оюмча, дал ушул “Азаттык” радиосу жана ушул иликтөөлөрдүн автору суроолорго жооп бериши керек.
урматым менен,
Искендер Матраимов
******
Уважаемые представители Радио Азаттык,
благодарю Вас за проявленный интерес и желаю Вам быть в здравии, в период острой активности коронавируса в стране.
Я, как депутат, и одновременно близкий родственник Райымбеку Матраимову, в ответ на ваше обращение, хотел бы сообщить следующее. Сегодня, после того как вы опубликовали материалы опять, заостряя внимание на персоне моего брата, считаю, что уже не мне, а автору этого расследования надо ответить на ряд вопросов.
1. В своем расследовании, от 30 мая 2019 года, автор обвинил Райымбека Матраимова в выводе $700 миллионов из Кыргызстана. Однако, ни в этом материале, ни в последующих, включая новое расследование, автор до сих пор не предоставил доказательства. Напротив, идет попытка перекрыть эту тему иными историями, а именно авторы расследований в новой части приводят ряд сумбурных выводов, якобы основанных на доказательствах, полученных по запросу судебных органов США, при этом ни один приложенный авторами документ не подтверждает ранее выдвинутые обвинения в адрес Раимбека Матраимова. Складывается ощущение, что Азаттык таким образом пытается увести внимание общественности;
2. В этом же расследовании, автор обвинил благотворительный фонд имени И.Матраимова в незаконном получении $2,3 миллионов от некого Айэркена Саймаити, показав фейковые документы в подтверждение этой суммы. Прошло уже больше года, ваш автор до сих пор уклоняется от ответа, не признавая применение фиктивных документов. Не опровергает, или же не предоставляет подлинных сведений, если таковы у него имелись или хотя бы были получены из официальных источников в последующем. В новой части расследования, соавторы, к примеру, Клооп признал, что показанные Азаттыком документы о переводе $2,3 миллионов, оказались ложными. В качестве подтверждения они обратились в эти банки, которые не подтвердили информацию о подлинности сведений опубликованных в предыдущих расследованиях. Однако Азаттык в своем новом видеоматериале умолчал этот момент.
Теперь, не только у меня, но и у многих ваших читателей появились вопросы: 1. Когда вы докажете, что именно Райымбек Матраимов выводил $700 миллионов или признаете, что обвинения автора были голословными? 2. Когда признаете, что ваш автор опубликовал фальшивые квитанции от банков о не существующих переводах $2,3 миллиона?
Относительно вашего нового расследования тоже появились вопросы: Почему безвозмездные пожертвования, внесенные в фонд вы попытались путем довольно странных и запутанных доводов представить частью схемы по отмыванию денежных средств?
Действительно от заявленных компаний или лиц, которые занимаются предпринимательской деятельностью, поступали суммы в виде безвозмездных пожертвований. Хотелось бы отметить, что с каждым из них фондом был заключен договор с указанием целевого назначения использования денежных средств, что все перечисления официально поступили на банковский счет благотворительного фонда и были использованы по целевому назначению.
Объясните пожалуйста, в чем заключается нарушение, или какую именно статью Уголовного кодекса нарушил фонд и какое отношение эти деньги могут иметь к Раимбеку Матраимову? Если, как вы утверждаете, что эти деньги предназначались именно ему, то не кажется ли вам странным, что они были перечисленны в фонд, который не может никак расходовать данные денежные средства, как только направить их на выполнение уставных задач, а именно благотворительные цели?
Теперь, думаю, настало время на вопросы отвечать именно Радио Азаттыку и автору этих расследований.
с уважением,
Искендер Матраимов
Ал эми Матраимовдор тууралуу: эмне үчүн Раим ошончо жесе, Атамбаевдин убагында бул маселе көтөрүлгөн эмес? А балким азыр Раим жеди деген миллиондорду Атамбаев жегендир? Болбосо аша жети баштуу ажыдаардай Кыргызстандын бардык тармактарын жеди! Ошол жактан изилдебейсиңерб
Матраимовдордун
Бул жерде жалан сага жана Матраимовдорго пахта тошогондор чогулуп алып "урраа" десе эле асманда журосунорбу, колдоочуларыбыз
Эми Азаттыктын билдируусуно келсек, сурактан качкан тарап Азаттык эмес, Матраимовдор болууда. Каяктагы турк, уйгурлар эмнеге Матраимов фондуна жуздогон мин долларларды которуп жатышат? Эмнеге? Эмнеге 2 акча которууда "текстил учун", "электроника учун" деп жазылган? Качантан бери Матрамовдор фонду текстил жана электроника соодасында журот? Ошол акча которуп жаткандар Хабибула Абдыкадыр менен тааныш болушу же анын бизнесин жургузуп жаткандар болушу бул жон гана дал келуучулукпу? Эмне, чындыкты элден жашырсанар, бурмаласанар эле чындык жоголуп кетмек беле?!
Раим миллион ининер бажы тармагынан кеткен кундо да, кошого артынан таасир тийгизип турганы баарына маалым. Силер Хабибула Абдыкадыр менен чогуу бизнесибиз жок дегенинер менен, Эркечтамдан эн биринчи "Абу Сахийге" караштуу унаалар откорулуп жатканы да жон гана дал келуучулукпу?
Соке бийликте турганда фин.полиция, прокуратура, соттор, УКМК ж.б. баары силерге иштеп жатканы сыр эмес. Айрыкча депутаттык комиссиянын иши просто позор. Алар да силердин колунардагы куклалар, силер эмнени буюрсанар ошону сайрап отурушкан. Эч бир далили жок туруп журналистти пара алдыга чыгарып каралоо оюнарга эл ишенди деп отурасынарбы? Баарына убакыт тараза. Бийлик ар дайым силер тарапта боло бербейт. Убакыт отуп, Атамбаевге окшоп жооп берчу кун да келип калаар.........
Дубайдагы турак жайдын чыныгы ээсин таап, андан интервью алып, турак жайдын чыныгы ээсин тастыктап видео ролик чыгарсанар болбойбу??
Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар бизнесмендердик
Эми Дубай боюнча да жыйынтык болуш керек.
Алган колдон караганда.
Берген кол жакшыраак деп . Бекер айткан эмесда. Ушундай сооп иштерди кылып атсада неге көрө албайт деп таң каламда.
Башка ишинер жоктой эле бир созуну кайталай бересинби бузук патифон болдунго
Официальная страница Жогорку Кенеша...















