Искендер Матраимов, profile picture
Искендер Матраимов ist bei Facebook. Um dich mit Искендер Матраимов zu verbinden, tritt Facebook noch heute bei.
Искендер Матраимов, profile picture
Искендер Матраимов ist bei Facebook. Um dich mit Искендер Матраимов zu verbinden, tritt Facebook noch heute bei.
Искендер Матраимов, profile picture

Урматтуу, “Азаттык” радиосунун өкүлдөрү,

Кызыгуу менен кайрылгандыгыӊар үчүн ыраазычылык билдирем жана өлкөдө коронавирустун күчөп турган мезгилинде ден-соолукта болушуңарды каалайм.

Мен, депутат жана ошол эле учурда Райымбек Матраимовдун бир тууганы катары, сиздердин кайрылууга жооп катары төмөнкүлөрдү билдиргим келет.

Бүгүн, сиздер инимдин жеке жашоосуна дагы көңүл буруп, материалдарды кайрадан жарыялагандан кийин, эми мен гана эмес, бул иликтөөнүн автору да бир катар суроолорго жооп бериши керек деп эсептейм.

1. Автор, өзүнүн 2019-жылдын 30-майындагы иликтөөсүндө Райымбек Матраимовду Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетти деп айыптаган. Бирок, бул материалда да, кийинки материалдарда да, анын ичинде жаңы иликтөөсүндө да, автор дагы эле далилдерди берген эмес. Тескерисинче, бул теманы башка окуялар менен жаап салууга аракет жасалууда, тагыраак айтканда, иликтөөлөрдүн авторлору жаңы бөлүктөрүндө АКШнын сот органдарынын талабы боюнча алынган далилдерге негизделген бир катар башаламан тыянактарды келтиришет, бирок авторлор тарабынан тиркелген бир дагы документ Райымбек Матраимовго коюлган айыптарды тастыктабайт.
Ушундай жол менен Азаттык коомчулуктун көңүлүн буруп кетүүгө аракет кылып жатат деген сезим пайда болот;

2. Ушул эле иликтөөсүндө автор И.Матраимов атындагы кайрымдуулук фондун Айэркен Саймаитиден 2,3 миллион долларды мыйзамсыз алган деп күнөөлөп, ушул сумманы ырастоочу жасалма документтерди көрсөткөн. Бир жылдан ашык убакыт өттү, автор дагы эле жалган документтерди пайдаланганын мойнуна албай, жооп берүүдөн баш тартып келе жатат. Эгерде андай маалыматтары бар болсо, же жок дегенде расмий булактардан алынса, эмне үчүн автор анык маалыматты бербейт же маалыматты төгүнгө чыгарбайт. Иликтөөнүн жаңы бөлүгүндө чогуу иликтеген авторлоштор, мисалы “Клооп”, “Азаттык” тарабынан көрсөтүлгөн 2,3 миллион акча которуу жөнүндөгү документтер жалган экендигин мойнуна алышты. Ырастоо катары, алар мурунку иликтөөлөрдө жарыяланган маалыматтардын аныктыгын тастыктап беришпеген ошол банктарга кайрылышкан. Бирок “Азаттык” өзүнүн жаңы видео материалында бул учур жөнүндө сөз дагы кылган жок.

Азыр менде гана эмес, көптөгөн окурмандарда да суроолор пайда болду:

1. Райымбек Матраимов 700 миллион долларды чыгарып алгандыгын качан далилдеп бересиз же автордун айыптоолору негизсиз экендигин качан моюнга аласыздар?

2. Автордун 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө иш жүзүндө болбогон которуулар боюнча жасалма банктык квитанцияларды жарыялагандыгын качан моюнга аласыздар?

Жаңы иликтөөгө байланыштуу суроолор дагы пайда болду: Эмне үчүн сиздер фондго кайрымдуулук жардам катары киргизилген каражаттарды бир кыйла таң калыштуу жана башаламан тыянактар аркылуу арам акча каражаттар схемасынын бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылдыңыздар?

Чындыгында, жарыяланган компаниялардан же ишкердик менен алектенген адамдардан кайрымдуулук түрүндөгү суммалар түшкөн. Белгилей кетчү нерсе, алардын ар бири менен фонддун ортосунда акча каражаттарын пайдалануу максатын көздөгөн келишим түзүлүп, анда бардык которуулар кайрымдуулук фондунун банктык эсебине расмий түрдө келип түшкөндүгү жана арналган максатына жараша багытталгандыгы көрсөтүлгөн.

Мунун мыйзам бузулушу эмнеде же фонд Кылмыш-жаза кодексинин кайсы беренесин бузганын жана бул акча Райымбек Матраимовго кандай байланышы бар экендигин түшүндүрүп бериңиздерчи?! Эгер, Сиз айткандай, бул акча ага арналган болсо, анда бул каражаттар кайрымдуулуктан башка эч кандай чыгымдай албай турган фондго которулуп кеткендиги таң калыштуу эмеспи? Бул каражаттар анын уставдык милдеттерин, башкача айтканда кайрымдуулук максаттарын аткаруу үчүн гана жумшалат.

Азыр, меним оюмча, дал ушул “Азаттык” радиосу жана ушул иликтөөлөрдүн автору суроолорго жооп бериши керек.

урматым менен,

Искендер Матраимов

******

Уважаемые представители Радио Азаттык,

благодарю Вас за проявленный интерес и желаю Вам быть в здравии, в период острой активности коронавируса в стране.

Я, как депутат, и одновременно близкий родственник Райымбеку Матраимову, в ответ на ваше обращение, хотел бы сообщить следующее. Сегодня, после того как вы опубликовали материалы опять, заостряя внимание на персоне моего брата, считаю, что уже не мне, а автору этого расследования надо ответить на ряд вопросов.
1. В своем расследовании, от 30 мая 2019 года, автор обвинил Райымбека Матраимова в выводе $700 миллионов из Кыргызстана. Однако, ни в этом материале, ни в последующих, включая новое расследование, автор до сих пор не предоставил доказательства. Напротив, идет попытка перекрыть эту тему иными историями, а именно авторы расследований в новой части приводят ряд сумбурных выводов, якобы основанных на доказательствах, полученных по запросу судебных органов США, при этом ни один приложенный авторами документ не подтверждает ранее выдвинутые обвинения в адрес Раимбека Матраимова. Складывается ощущение, что Азаттык таким образом пытается увести внимание общественности;
2. В этом же расследовании, автор обвинил благотворительный фонд имени И.Матраимова в незаконном получении $2,3 миллионов от некого Айэркена Саймаити, показав фейковые документы в подтверждение этой суммы. Прошло уже больше года, ваш автор до сих пор уклоняется от ответа, не признавая применение фиктивных документов. Не опровергает, или же не предоставляет подлинных сведений, если таковы у него имелись или хотя бы были получены из официальных источников в последующем. В новой части расследования, соавторы, к примеру, Клооп признал, что показанные Азаттыком документы о переводе $2,3 миллионов, оказались ложными. В качестве подтверждения они обратились в эти банки, которые не подтвердили информацию о подлинности сведений опубликованных в предыдущих расследованиях. Однако Азаттык в своем новом видеоматериале умолчал этот момент.

Теперь, не только у меня, но и у многих ваших читателей появились вопросы: 1. Когда вы докажете, что именно Райымбек Матраимов выводил $700 миллионов или признаете, что обвинения автора были голословными? 2. Когда признаете, что ваш автор опубликовал фальшивые квитанции от банков о не существующих переводах $2,3 миллиона?

Относительно вашего нового расследования тоже появились вопросы: Почему безвозмездные пожертвования, внесенные в фонд вы попытались путем довольно странных и запутанных доводов представить частью схемы по отмыванию денежных средств?
Действительно от заявленных компаний или лиц, которые занимаются предпринимательской деятельностью, поступали суммы в виде безвозмездных пожертвований. Хотелось бы отметить, что с каждым из них фондом был заключен договор с указанием целевого назначения использования денежных средств, что все перечисления официально поступили на банковский счет благотворительного фонда и были использованы по целевому назначению.
Объясните пожалуйста, в чем заключается нарушение, или какую именно статью Уголовного кодекса нарушил фонд и какое отношение эти деньги могут иметь к Раимбеку Матраимову? Если, как вы утверждаете, что эти деньги предназначались именно ему, то не кажется ли вам странным, что они были перечисленны в фонд, который не может никак расходовать данные денежные средства, как только направить их на выполнение уставных задач, а именно благотворительные цели?
Теперь, думаю, настало время на вопросы отвечать именно Радио Азаттыку и автору этих расследований.

с уважением,
Искендер Матраимов

Айкокул Асылбекова, profile picture
Айкокул Асылбекова
“Акыйкат сөз карапайым элге ар дайым жагат. Бирок калайык акыйкатты сүйлөгөн адамды коргоону да үйрөнүшү керек. Анткени акыйкатты сүйлөөгө баардык эле адамдар батына албайт. Эгерде акыйкатты чыркыратып сүйлөп жаткан адамдын артында калайык журт турбай, аны курмандыкка чалса, анда ал журттан кийин элдин камын ойлогон инсан чыкпайт. Тескерисинче жалаң гана коркок, манкурт, кул мүнөздөр чыгат”

Султан Мухаммад аль-Фатих
3 J.Melden
Cholpon Uzakbaeva, profile picture
Cholpon Uzakbaeva
Схема отмывания денег через благотворительные фонды обкатана во многих странах мира. Не надо людей держать за дураков
3 J.Melden
Сайкал Малик Кызы, profile picture
Сайкал Малик Кызы
А почему не ответили сразу , когда готовилось расследование?
3 J.Melden
Шамурза Борукулов, profile picture
Шамурза Борукулов
Алиде адамдык сапат калган жок. Азаттыгын баш кылып, булардын тизгинин тартып кое турган убакыт келди. Булар деген Кыргызстпндын ичинде иш жүргүзүшүп, бузакылыктарын токтотпой келет.
3 J.Melden
Айна Ош, profile picture
Айна Ош
Максатбек Айтмамат Уулу сен убагында Бакиевди жактоочулар таштап кеткен депсиң. Жок, жаңылышасың, Бакиевди карапайым элдин көпчүлүгү азыр да урматтайт, сыйлайт.
Ал эми Матраимовдор тууралуу: эмне үчүн Раим ошончо жесе, Атамбаевдин убагында бул маселе көтөрүлгөн эмес? А балким азыр Раим жеди деген миллиондорду Атамбаев жегендир? Болбосо аша жети баштуу ажыдаардай Кыргызстандын бардык тармактарын жеди! Ошол жактан изилдебейсиңерби Али бети жок качкын экөөң. Мен го жөнөкөй адамдардын биримин. Сен кыйын болсоң далилдеп, тактап берчи эл ишенсин. Ошондо Матраимовдордун көрсөткөн жардамына карабай, силер тарапка өтөлү. Атамбаевдин жегенин айтып чыкчы ишенели.
Матраимовдордун жардамы, уурдагандарынын тамчысы дешет, тамчы болсо, Кыргызстанда Раимден байлар ошончо акчаны кайдан табышты?
3 J.Melden
Исраилов Илимбек, profile picture
Исраилов Илимбек
Тооба азаттык дагы деле мойнуна албай жатабы э?явно көрүнүп турбайбы жасалма башка адамдын колу экени😄😄
Ишенбесеңер Яндекскеби, Гуглгабы роспись синей ручкой деп пойск кылсаңар да ,тиги аферист Сайматинин колу деген башка бирөөнүн колу чыгат😄
Мынча бети жок болбосоңор азаттык? Кайсыл бетинер менен жер үстүндө басып жүрөсүңөр э? Мынча элди алдаганды жакшы көрөсүңөр? Эч ким ишенбей калганын билип туруп деле?
Keine Fotobeschreibung verfügbar.
3 J.Melden
Айжан Жороева, profile picture
Айжан Жороева
Ар бир жалгандын жоопкерчилиги бар. Эгер далил болсо ачык айтып, Али тергоого келиш керек эле.
3 J.Melden
Бедел Мамырканов, profile picture
Бедел Мамырканов
Эгер демократ болсо Азаттык бул билдирууго ачык, конкреттуу жооп берсин. Болбосо мындай калпыс маалыматтарды чыгарбасын.
3 J.Melden
Maksatbek Aitmamat Uulu, profile picture
Maksatbek Aitmamat Uulu
Искендер Матраимов! Сен инин Раимдин акчасы жана байланыштарынын арты менен депутат болуп отурганынды эл билбейби эмне?

Бул жерде жалан сага жана Матраимовдорго пахта тошогондор чогулуп алып "урраа" десе эле асманда журосунорбу, колдоочуларыбыз коп деп? Атамбаев, Бакиевдердин да артында колдоочу кошоматчылары коп болчу бир убак, эми жок ошол колдоочу кошоматчылары, карангыда эмес, тушто издеп таппайсын..... Эртен бийлик алмашып калчу болсо, бул жерде бугун Матраимовдорго пахта тошоп "артынарды" тазалагандардын 70-80%ти кайра "шыбап" башташат.....

Эми Азаттыктын билдируусуно келсек, сурактан качкан тарап Азаттык эмес, Матраимовдор болууда. Каяктагы турк, уйгурлар эмнеге Матраимов фондуна жуздогон мин долларларды которуп жатышат? Эмнеге? Эмнеге 2 акча которууда "текстил учун", "электроника учун" деп жазылган? Качантан бери Матрамовдор фонду текстил жана электроника соодасында журот? Ошол акча которуп жаткандар Хабибула Абдыкадыр менен тааныш болушу же анын бизнесин жургузуп жаткандар болушу бул жон гана дал келуучулукпу? Эмне, чындыкты элден жашырсанар, бурмаласанар эле чындык жоголуп кетмек беле?!

Раим миллион ининер бажы тармагынан кеткен кундо да, кошого артынан таасир тийгизип турганы баарына маалым. Силер Хабибула Абдыкадыр менен чогуу бизнесибиз жок дегенинер менен, Эркечтамдан эн биринчи "Абу Сахийге" караштуу унаалар откорулуп жатканы да жон гана дал келуучулукпу?

Соке бийликте турганда фин.полиция, прокуратура, соттор, УКМК ж.б. баары силерге иштеп жатканы сыр эмес. Айрыкча депутаттык комиссиянын иши просто позор. Алар да силердин колунардагы куклалар, силер эмнени буюрсанар ошону сайрап отурушкан. Эч бир далили жок туруп журналистти пара алдыга чыгарып каралоо оюнарга эл ишенди деп отурасынарбы? Баарына убакыт тараза. Бийлик ар дайым силер тарапта боло бербейт. Убакыт отуп, Атамбаевге окшоп жооп берчу кун да келип калаар.........
3 J.Melden
Aiba Sher, profile picture
Aiba Sher
Дубайдагы турак жай боюнча иликтоонун аягы эмне болду ???
Дубайдагы турак жайдын чыныгы ээсин таап, андан интервью алып, турак жайдын чыныгы ээсин тастыктап видео ролик чыгарсанар болбойбу??
Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар бизнесмендердики деп жыйынтык чыгарылды.
Эми Дубай боюнча да жыйынтык болуш керек.
3 J.Melden
Майрамбек Ильясов, profile picture
Майрамбек Ильясов
Азаттык жалганы учун жооп берер кун келет. Матраимовдордун Кыргыз элине корсоткон жардамы учун Рахмат айтам
3 J.Melden
Толгонай Ашимова, profile picture
Толгонай Ашимова
Ысмайыл ата фонду 100 эсе молодец рахмат сизге УРМАТТУУ РАЙЫМ АГА Кудайым сизге ден соолук куч кубат берсин .Элдин керегине жараган инсаны болуп журоберин
3 J.Melden
Мээрим Ильясова, profile picture
Мээрим Ильясова
Азаттыктын артында Батышчылдар турганы учун дагы Кыргызстанда башаламандык жаратууда
3 J.Melden
Мээрим Ильясова, profile picture
Мээрим Ильясова
Азаттык бул суроолорду корсо деле кормоксонго алып жооп бербей коюшаттыр
3 J.Melden
Melek Karymsakova, profile picture
Melek Karymsakova
Азаттык акча учун бул оюнду баштады. Искендер мырза узаткан суроолорго жооп бере алышпайт
3 J.Melden
Медер Алимжанов, profile picture
Медер Алимжанов
Эми болсо анын Саймаитиден пара алганы белгилуу болду!
3 J.Melden
Медер Алимжанов, profile picture
Медер Алимжанов
Туура айттыныз Искендер мырза Али Токтакуновдун иликтоосун эч акырына жетпей турган болду
3 J.Melden
Бузайнап Абдыкаимова, profile picture
Бузайнап Абдыкаимова
Азатык азыр чындыкты суйлобойт ким акчаны кобуурок берсе ошонун заказын аткарып калды.Жакшы адамды жамандап жаман адамды мактап уялса болот азаттыктын кабарчылары.Матраимовдордой ким элге жардам беруудо кудайга шугур десе болот.Карапайым элдин оюн бузууга аракет жасагандар оюнарга жетпейсинер убара болбой оз адамынды мактайсынбы жактайсынбы туз жолго туш.Короалбастыктын ичи тарлыктын бакылдыктын да чеги болот.
3 J.Melden
Alma Yusuf, profile picture
Alma Yusuf
Актанбаныздар!!! Акмак Али токтакунов Чехия тентип качкын болуп журот!!!! Кыйын болсо келип бетинерге коюп берсин!!!! Коту тушуп качып журот
3 J.Melden
Аскат Эсенбаев, profile picture
Аскат Эсенбаев
Али тажатынго
3 J.Melden
Айжан Айжан, profile picture
Айжан Айжан
Андай акчалар тынбай чыгып турат го.Дордойдо.
3 J.Melden
Айжан Айжан, profile picture
Айжан Айжан
Ушу азаттык куйгузду.Матрайимовдордо очу бардай.Эл эмне болуп ж.т.кыйналып олбостун кунун коруп.😓😓😓
3 J.Melden
Ernis Nurdin, profile picture
Ernis Nurdin
"Азаттык" радиосун эл өзүбүз топтолуп барып, тизгиндеп койсок болот. Тил албаса гей-фейктериңди алып Америкаңа кет дешибиз керек. Биздеги ызы-чуунун негизги авторлору ушулар өзү. Биз Акаевден бери маани бербейбиз. Булардын максаты Кыргызстанды Ливия-Сирияга айлантса. Ошону менен Борбор Азия тынч жашабай калмак. Америка өлүп кеткенде күйбөйт. Мусулман өлкөлөрүн талкалап турганды жакшы көрөт.
3 J.Melden
Мирлан Ботобеков, profile picture
Мирлан Ботобеков
Азаттык силер эл бузарсынар
3 J.Melden
Эрлан Абдраимович Токоев, profile picture
Эрлан Абдраимович Токоев
Баардык иштерди Аллах карап билип турат. Бул дүйнөдө биз конокбуз, биз бири бирибизди каралабай, кылган сооп иштерди көрө албай,ичи таардык кылбай,курук доомат койбой, колунда бар инсанды көрө албай,ушундай жаман адаттарды ташташыбыз керекда. Бул дүйнөгө келгенден кийин,сооп иштерди кылып,бир таарыхка из калтырып,жакшы иштеп,мейли бирөөнүн колунда иштесең да,жакшы честный иштеп,алдабай туурасын айтып, чынчыл болуп иштеш керек. Сооп иштерди кыла бериш керек. Чындыгында сооп иштерди кылып эле жүрөт Ысмайыл Ата фонду. Аллахым ыраазы болсун... Кара-Суу районубуздагы мечит өтө сонун,кирсең көзүн кубанатурган болуптур. Баардык шарттары бар өтө сонун. Ысмайыл Ата фонду ар бир обласька гум помош берди, каанча инсандар раазы болушту, биздин айылга да келди гуп помош. Карапайым элдер өтө ыраазы болушту. Көрсөң кубанасында жүздөрүндө жылмаю кетбеди. Бул жакта туруп сүйүндүм чындыгында.
Алган колдон караганда.
Берген кол жакшыраак деп . Бекер айткан эмесда. Ушундай сооп иштерди кылып атсада неге көрө албайт деп таң каламда.
3 J.Melden
Кымызай Шерманова, profile picture
Кымызай Шерманова
Аллахка кана ишениниз.ар Ким ар нерсе дей берет .
3 J.Melden
Амир Курбанов, profile picture
Амир Курбанов
Тарых коргозот.буйруса Ас калды.биро бири бирине шылтоо кереги жок.ким жалганчы болсо ачыка чыгат.
3 J.Melden
Жаныбек Кадырбеков, profile picture
Жаныбек Кадырбеков
Али сен баканооз болуп алдынго , сен келип далилдечи ишенели ооз коптуруп суйлой бербей , кел да колундагы документтерди коргозуп анан мына дегин Эл сел деп койот сени асманга которуп алат калп айтсан билесин эмне болушуну
Башка ишинер жоктой эле бир созуну кайталай бересинби бузук патифон болдунго
3 J.Melden
Жаныбек Кадырбеков, profile picture
Жаныбек Кадырбеков
Азаттык СССР убагында да акмак болгон азыр андан да ашып кетти , булардын максаты Элди болуп жарыш керек болсо Кыргызстанды да болуп ийгилери келет
3 J.Melden
Roza Ulanbekovna, profile picture
Roza Ulanbekovna
Убакыт тараза, биздин эмес кудайдын соту бар. Азыр тынчтыкты сактап ниетибизди туздойлу.
3 J.Melden
Ähnliche Seiten
7.870 gefällt das
Öffentliche Verwaltung und Regierungsbehörde
13.017 gefällt das
Кыргызстан, Ош.
Mehr ansehen