26.02.2022
🔴ЖАЛАЛ-АБАД: КАР КӨЧКҮДӨ КАЛГАН 1 КЫТАЙ ЖАРАНЫНЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ
📌Бүгүн кар көчкүдө калган жарандарды издөө уланып, түшкө маал 24 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү туннелдин түндүк тарабынан табылган. Издөө жана унаа жолду тазалоо иш-чараларынын натыйжасында, туннелдин түштүк тарабынан кытай (аты-жөнү такталууда) жаранынын жансыз денеси табылды. Калган эки кытай жаранды издөө да күчөтүлгөн тартипте уланууда.
Учурда жеринде ӨКМдин 74 куткаруучусу иш алып барып, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов жетектөөдө.
Эскерте кетсек, 14-февраль күнү Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, жол куруу ишин жүргүзүп жаткан "Чайна Роуд" ишканасынын 4 кызматкерин унаалары менен басып калган.
КР ӨК ПРЕСС-БОРБОР
