Kamchybek Tashiev is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met Kamchybek.
Kamchybek Tashiev is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met Kamchybek.
Kamchybek Tashiev, profile picture

И.Исаковдун тетири ой жугуртуусуно кыска жооп жазууга мажбур болуп турам.
1.Эсинизге туйуп алыныз эч бир жерди анклавга айлантпайбыз.Такталбаган,оз оюнуздан чыгарылган маселени айтып элдин буйурун кызытпаныз.Жерлерибизди анклав кылып койуучу документтерди кабыл алып карап турчу биз эмесбиз.
2. 1924-27 жылдагы жана 2021 жылдагы кабыл алынган эки документ тен 39 деген номер менен кабыл алыныптыр,муну атайылап жасаган деп жазыпсыз.Ушунча жылдан бери чон кызматтарда журуп,бирок ушул жонокой нерсени билбегениниз ото уят иш,себеби бардык документтер катар номери менен гана кетет,эч ким каалаган номерин коё албайт.
3.2021 01.05. те кабыл алынган протокол кабыл алынгандай аткарылса эки олкого тен ынгайлуу болот жана башка бардык чек ара тилкелерин толук тактап алууга мумкунчулук тузулот.
4. Туура айтасыз,Союз тарагандагы чек арабызды бир метр кыйшайтпастан сактап калуу милдетибиз жана ошондой болот буюруса.1991-92 жылдары кабыл алынган,катышкан бардык олколор ратификациядан откоргон келишимдерди аткаруу эки олконун тен кызыкчылыгына дал келет деп эсептейбиз.
5. Эч качан Сиз айткан Исфара-Чоркух-Ак Сай-Ворух жолуна эл аралык статус берилбейт!Бул айтканыныз Кыргыз элине кылган чыккынчылыгыныз болот.Торт Кочону сиз да бергиниз келип турабы,мен барымда берилбейт!Бир гана Ак Сай -Ворух жолу протоколго ылайык эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык жолдун статусу аныкталып ,андан сон салынат,кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде корсото албаймын.
Коншулар бизге окшоп мамлекеттик комиссия тузгон протоколдорду ачык талкуулап сырын ачып салбайт,ошондуктан мен дагын 39- чу протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептеймин.Мени кээ бир нерселерди айтырууга мажбур кылып жатасыздар,бугунку кундо мамлекет бизге ишендиби демек биз жоопкербиз.Мамлекеттин тагдыры,чек арасы менен айкалыштырып саясий упай топтоого жол берилбеши керек .
6.Комиссияны жоюуга эч кандай негиз жок,Исаков И.кааласа комиссияга кошуп алалы ,иштеп берсин,бирок далилсиз,компетентсиз создорун таратууну мамлекеттин кызыкчылыгы учун токтотуш керек.Эгер ушунчалык эле куйуп бышып жатсаныз ,аскер адамы катары сыр сактоону негиз кылып сурасаныз баарына жабык иретинде жооп берууго даярбыз.Сиздин максатыныз калп нерселерди коомго жайып,эптеп чек ара маселесин чечууну кечендетуу,Сизден кем эмес мекенчилдер,Сизден кем эмес акылдуулар иштеп жатабыз жана жасаган ишибизге Кыргыз элинин астында жоопкербиз.
7.Жабык эшик артында саясатчыларды,талдоочуларды чакырып маалымат берууго даярмын.
Коп нерселерди ачык айкын жаза албадым,туура тушунуп кечиресиздер деп ойлоймун.

11.02.22. К.Ташиев.

Ehldiyar  Urustamov, profile picture
Ehldiyar Urustamov
Камчыбек Кыдыршаевич Эгер адилеттуу болсонуз,Мадумаров кол койгон протокол жонундо дагы бир жолу досунузга, элге ушинтип тушундуруп койбойсузбу??
Video afspelen
Айзада Абдубапова, profile picture
Айзада Абдубапова
Эл бизге ишенип тапшырды дейсиз???Кайсы эл?Сизге эл эмес ,досуңуз эле ишенип дайындаган!Элдин элегинен өтпөй калбадыңыз беле шайлоодо ?
Убакыттар келет ,азыр Мадумаровту кантип чыккынчы катары көрсөтүп жатсаңыз? Сиздин да башыңызга так ушундай тагдыр келет !Бумеранг!!!
Мирлан Ураимовту бошотуп койгула жөө жомок токуп ,камап олтурбай
Топчубек Каримов, profile picture
Топчубек Каримов
Камчыбек Ташиев ! Жол турса дагы башка жолдун эмне кереги бар! Логикага сыйбай турган ишти кылганы жатасыңар!!! Тажиктер Ворухка эч тоскоолдуксуз өтүп жатышат азыркы учурда. Башка жол бериштин кажети жок. Алар үчүн отдельно ЖОЛ салып берсеңер КОРИДОР болбогондо анан эмне болот???
Ilyas  Dzhumaev, profile picture
Ilyas Dzhumaev
2020-ж дебатта өзүңүз айттыңыз эле Мадумаровдун колу коюлган протокол эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес деп. Анда эмнеге кылмыш иши козголду?
Чолпон Байзакова, profile picture
Чолпон Байзакова
Өздөрүн элден ашыкча акылдуу сезген Исаков менен Айжигитов тажатты, сизден өтүп патриот көрсөткүлөрү келип.
Бегимкул Мейманов, profile picture
Бегимкул Мейманов
Бир убактар келет, 2009-жылкы протокол үчүн азыр куугунтук болуп аткандай эле, сиз да ушул убактагы протоколдор сыяктуу куугунтук алышыныз мүмкүн. Азыр силер эң акылдуу да, 2009-жылдагылар кем акылдарбы? Силерди эл шайлап, башкасы асмандан түшүп калдыбы?? Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, акыйкаттык жок болуп атканы көрүнүп эле турат. Жараткан жетекчилерибизге туура багытта болууну насип кылсын🤲.
Рахманали Исираилов, profile picture
Рахманали Исираилов
Жооп өтө негиздүү болуптур, Кыргыз элинин пайдасы үчүн чечиле берсин Камчыке. Башыңар таштан болсун, омурун узун болсун. Жаман сөз айтып, жалган маалымат айткандарды, президентке жана өзүнө карата айтылган жаман сөздөргө кандай чара көрөсүңөр Камчыке??? Өтө эле чектен чыккандар көбөйдү, эң жаман сөздөрдү жазгандар болуп жатат. 5 минут дагы өкмөттө же башка жакта иштей албаган келесоолор. Ушуларга Жогорку Кеңеш бир мыйзам чыгарса жакшы болмок, жоопко тартылсын деген. Менин сунушум ушундай. Кайсы жинди өзүбүздүн падышаны соксун, же ГКНБ башчысын соксун тооба кылдым. Демократия десе эле оозуна алы жетпеген адамдар көбөйдү. Кыйын экен келип иштешсин, отуруп алып, же Россияда туруп алып көрүнгөндүн атынан ар нерсени сүйлөбөстөн. Камчыке ишиңерди кыргыз эли көрүп турат, жылыш кыйла эле бар. Чек ара чыры да чечилет, акылман адамдарыбыз да жок эмес...
Ишиңерге ийгилик....
Баткенский Зулпидин Максым, profile picture
Баткенский Зулпидин Максым
Тарыхта, ушундай барпаңдаган ак көңүл, таза мекенчил катары атыңыз жазылып калуусуна тилектешмин.

Азыркы Мирлан Ураимов ж.б жөнөкөй активисттерди комментарий үчүн камакка алуу туура эмес иш болуп жатат.

Ал эми чек ара маселесин өзүңүз жазгандай болсо, эки колдоп чын жүрөктөн колдойбуз. Болгону кийинки президент келип, протокол боюнча сизге иш козгоп калбаса экен деген ой.
Сизге ийгилик Аллах таалам туура жолдон адаштырбасын.🤲
Кани Мырза Алтел, profile picture
Кани Мырза Алтел
Мадумаров менен биргеликте иш алып баргыла. Бириккиле. Саясатка Мадумаров керек. Анын куноосу жок. Олкого тартип керек. Озунорго ашыкча душман арттырбагыла. Кучтуулор менен иштешкиле. Кучтуу кесипкой тарыхчылар, геолог, географтар тар кучтуу саясатчылар менен иштешкиле. Мирланды да чыгарып койгула. Камаган менен эч кандай пайда чыкпайт. Ич ара ызы чуу башталат. Мадумаровдун тарапташтары тушунуктуу эле адамдар. Кенешсенер деле болот алар менен. Бириккиле тил табышкыла. Баарыбыз бир бололу Камчыбек Ташиев. Келечекте ызычууга жол бербениз.
Шайырбек Таиров, profile picture
Шайырбек Таиров
Түштөн кийин мамлекеттик сыр дейсиз. Шайлоонун алдында Тежиктео протоколду бетибизге коюп атат деп, жар салган досуңуздун сабатсыздыгы. Артык кылам деп тыртык кылып албагыла. Силерден күчтүү, тажрыйбалуу эр азамат агаларыбыз ошолор менен биргеликте иш алып баргыла. Аларды камап абийир тапппайсыңар. Убагы келет, кыңыр иш кырк күндө билинет, ошондо элден кечирим сурап калбагыла, анда кеч болот....
Алмаз Бакиров, profile picture
Алмаз Бакиров
Тежиктер бизди тепкилей берсин биз унчукпай жата берели. Чек арадагы калкты тынч койбой миномет менен аткылап. Биз да жооп кылыш керек.
Азамат Нуралиев, profile picture
Азамат Нуралиев
Мирлан Ураимовго боштондук
Же

#Камасаңар_Баарыбызды_Камагыла! аттуу онлайн социалдык флешмобду колдоого чакырам!

"Өзгөчө эки достун жүргүзгөн саясаты өтө ыплас жолдо өтүп жатат. Бул Ташиев беспределщикти, Садыр заправщикти тез арада жоготпосок, кыргыз элин туңгуюкка кептейт. Буларды кетирүүнүн бир гана жолу, алардын бийлигин жокко чыгарып, төңкөрүш жасаш керек!"
Burulcha  Torobekova, profile picture
Burulcha Torobekova
Мадумаров Адаханды тепкилебей, жон иштегилечи теги. Силерден да элдин конулу калат.
Акжол Урустамов, profile picture
Акжол Урустамов
Камчы Кыдыршаевич азыркы убакта Аксайдан 3 жолу бар . Тажиктер каалагандай катап жатпайбы? Ал эмес Аскер техникаларында алып отот , баары бар Варухта. Биз тараптан бир пост жок каалагандай отушотко? Биздин жараандар Тажик тарапка туугандарына да бара бара алышпай отуратко? Болгону азыркы убакта Аксай эли ал жолду рычак катары пайдаланып турат! Тоого, Жайлоого катаганда кыйынчылыкка учурап кордук коргондо, ошол рычакты пайдаланып эл озу чечип жатат! Ал эмес 4 кочо тосулса да ошол Ак сай Варух жолун тосуп, катамды токтотуп чечип келген! Эч кандай жол бербеш керек деп эсептейбиз! Мумкун башка жашыруун тактика колдонуп жаткан болсонор анда, ар кимдин абийри озунодо болсун. Протоколдун азабын тарткан А. Мадумаровтун тагдырыдан да жаман болушу мумкун, азыр болбосо да тарыхта. Мурда 40 жылда кайтат дечу азыр 40 кунго да калбай кайтып жатат! Кайтар дуйно! Азаматсыз бардык жоопкерчиликти сезип, озунузго алыпсыз! Бирок былтыркы каза болгон 36 жараанга да ким жоопкерчиликти алып жооп берди? Казакстанда отконку тополондо оз милдетин так аткара албаган кее бир ички иштер кызматкерлери ар наамысына чыдабай, оз милдетин аткара албай карапайым элди кыйынчылыкка салганы учун оздоруну озу атып жигитче курман болушту. Биздечи???
Азамат Нуралиев, profile picture
Азамат Нуралиев
1 жылдан бери протоколдорду айтып жүрүп,тажиктердин пилигине май тамызып журуп, эми сыр дейт
Video afspelen
Сайкал Акматова, profile picture
Сайкал Акматова
Уважаемый Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев , оставайтесь всегда нашим орлом, коим и являетесь! Орлы должны быть гордыми и высоко летать, а змеям дано лишь ползать!
Bektur Narkul, profile picture
Bektur Narkul
Исаков, Мадумаровдор чек ара боюнча комиссиянарга киргизгиле. Маселенин жети олчоп бир кескен он....
Ismanali Usmanov, profile picture
Ismanali Usmanov
Макул комиссия га кошсун, Айбалаевти да кошсун. Тажрыйбалуу кадрларды колдонуш керек.
Аскар Бакеев, profile picture
Аскар Бакеев
Камчыке сизди мен жакшы билем !
Сиз чыныгы Оз Элин суйгон ИНСАН катары жакшы билем!
Чыныгы Кыргыз Элинин сыймыгы сын !
Murat Ali Mamanov, profile picture
Murat Ali Mamanov
И. Исаков дасыккан тажрыйбалуу саясатчы, чыныгы генерал. Ал кишидей тушунуп мамлекетке куйо албасанар керек деп ойлойм.
Мария Утурбаева, profile picture
Мария Утурбаева
Сиздер бул маселелерди соцсеттерде эмес, “ Улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү менен” бир үстөлдө олтуруп, акылдашыңыздар. Ошондо ынтымак менен жакшы чечимге келип, маселе оң жагына чечилиши мүмкүн… Эл сыйлаган көч башында турган адамдардын соцсеттерге чыгып алып, кайым айтышуусу сиздерге аброй алып келбейт.
Камчыбек Кыдыршаевич!
Сиз менен көп жылдан бери партиялаш болуп жүрүп, сиздин эли- жериңизди жан дилиңиз менен суйгөн, кыргыздын кыраан жигити деп билем, ошондой эле И. Исаков агайды да абдан сыйлайм!
Ынтымакка келиңиздер!
“ Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” эл үчүн кызмат жасаңыздар!
Kubatbek Ahunbaev, profile picture
Kubatbek Ahunbaev
Биздин көрүнүктүү адамдарыбыздын өз ара маалымат таратып кайым айтышуусу кошуналарга майдай жагып жатса керек.
Нургуль Торобаева, profile picture
Нургуль Торобаева
Эл караган жүзүңүз жер карабай, кызматтан каргыш албай, алкыш алып кетсеңиз экен оомин.
Абдакимова Айнура, profile picture
Абдакимова Айнура
Исаковторду черный ящигин ачыш кк анан .көрөт элек
Chyngyz Kolchuev, profile picture
Chyngyz Kolchuev
Үмүт бар, бирок деңгээлдер төмөндөп баратат...
Абдикааров Ибрахим, profile picture
Абдикааров Ибрахим
3 жол бар турбайбы Ворухтан Чоркув жакка. Анан 4-сүн берүү жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Өзбектер Сох м.н Шахимарданга кандай өтүп жатса Ворух да ошондой каттай берсин.
Чолпон Байзакова, profile picture
Чолпон Байзакова
Исаков 2010-жылкы июнь окуясы боюнча өзү качан жооп берет экен?
Бакай Мурадыбеков, profile picture
Бакай Мурадыбеков
Сиздин мекенчил экениңизде шек жок. Бирок майда чүйдө иштерге УКМКнын атын аралаштырбаганга аракет кылың!
Кыздаркан Калдыбаева, profile picture
Кыздаркан Калдыбаева
И Исаковтун колунан эч нерсе келген эмес келбейт дагы, депутат болуп отурганда пахта койгондон башка эч нерсе кылалбаган. Итуро берет кербен журо берет, ишинизге ийгилик К Кыдыршаевич
Abdushukur Djurayev, profile picture
Abdushukur Djurayev
ГКНБ нын кучун корсоттунуз,бирок анча мынча кыргыздын эр Азаматтарын башын бириктируу да сиздин мунозунузго туура келет