Камакта жаткан Алмазбек Атамбаев жөнүндө ызы-чууну бүгүн көрдүм. “Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат” деген сөздөр болуптур. Мага кыянатчылык кылгандардын баарын кечиргем. Анын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт. Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок. Каалаган журналисттер, блогерлер кирип түз эфир дагы жасаса жакшы болмок. Эл дагы соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?
Баардык президенттерден
Иштеген ажо камакта...иштеб
Мыйзам кыргызстанда баарына бирдей иштебейт.
Чындык ачуу болот.
Эми ошол Мелис Аспековдун уулу бар экен, ал 15 эле жашта экен, ФБга жазыптыр: «чонойгондо азыркы бийликтен оч алам»,- деп, ошону окугандан бери журогум оорумай болду, 15 жаштагы бала Сизге эми туболук душман болом деп жатат, токтотпойсузбу,
Статус боюнча эми Атамбаевдин денгээлине жеттиң!Атамбаев
Жооп бересин бир нерсе болсо!
Алар баары бир Сиздин қабақ қашыңызға қарап,
Сиздин маанайыңызды аңдып убақыт созо беришет.
Мурунтан ошентип иш алып барып көнүп қалышқан.
Оңолушпайт.
Ал эми А. Атамбаев,
(эң оболу - Орусийадан)
Э Г Е М Е Н жана
(эң оболу - Орусийадан)
К Ө З Қ А Р А Н Д Ы М Э С
Қырғыз Республикабызды
Бажықаналарына - Орусийа Бажы Режимин орнотуп,
Мамлекеттик
Ч Ы Қ Қ Ы Н Ч Ы Л Ы Қ
актын амалға ашырған адам!
Же 🤣🤣🤣1 апрель айы жакындаганга ырым жырымын баштап берип коейун дедиби аа аман бол
Ар бир докчунун көңүлүн карап отурсаңыз карапайымдын тагдыры кантет урматтуу ажо?!
Урматтуу президент, сиздин кечиргем деген созунуз жасалма экени корунуп турат. Атамбаевди уй камагына бошотсонуз Кыргызстан эле эмес коп мамлекеттер сизге баа берет эле Айкол президент деген.
Анан жашоонун жазылбаган Мыйзамдарынын "кайтаар дүйнө" деген пункту бар. Атамбаевби башкабы кимиси болсо да ошону эске ала жүрүшсө жашоо өз нугунда болмок.
Эки дос деп.айрыкча СИЗДЕН коруп жатышат.
СОТТОР.эсинерге