Урматтуу кыргызстандыктар!
Акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти. Баарыңыздарга маалым болгондой, күйүүчү майга карата баанын бир топ жогорулоосунан улам, өлкөбүз чоң кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө.
Ун жана башка дан азыктарынын баалары өтө кымбаттады. Мунун баары республикабызда коронавирус пандемиясынан улам, экономикабыз калыбына келе элек маалда болуп жатат.
Жакынкы арада улуттук валютабыз катуу басымга кабылышы ыктымал. Эл аралык кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Министрлер Кабинети тарабынан каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккан.
Бардык министрликтерибиз тарабынан жарандарыбызга сырткы таасирлерди жумшартуу үчүн атайын чаралар көрүлөт.
Азыр биздин биринчи приоритетибиз экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда.
Биз жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого аракеттенебиз.
Албетте, бул кыйынчылыктардан пайдаланып, элибиздин ынтымагын бузуп, баш аламандыкты, араздашууну көздөгөн күчтөр чыгары белгилүү. Мен алдын ала эскертип койгум келет, алардын аракеттеринен эч майнап чыкпайт.
Мамлекетибиз менен элибиз азыр ынтымакта жашап жатат.
Азыр эң башкы максат - элибизди, ар бир үй-бүлөнү азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуу. Ошондуктан бүгүнкү күндө бир да талааны бош калтырбай, эгин айдоо үчүн бардыгын жасап жатабыз.
Биз өзүбүздүн айыл чарба продуктыларын өндүрүүнү жана аны кайра иштетүүнү кыйла көбөйтүүгө тийишпиз.
Ар бир тамчы суу кымбат, мындай кыйын мезгилде каналдарды, арыктарды тазалоого, болгон нымдуулукту үнөмдөөгө керек болгон каражаттардын баарын бөлдүк.
Быйыл айыл чарба тармагына 26 миллиард сом бөлүндү. Ушул жерден жалпы дыйкандар менен фермерлерге ачык айтып коеюн, бул сумма быйыл бардык фермерлер менен дыйкандарга жетпейт. Анткени өлкө боюнча 400 миңден ашуун дыйкан жана фермер бар. Быйыл жетишинче алсаңар, Кудай буюрса, эмдиги жана аркы жылдары дагы көбүрөөк акча бөлүп, үч жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди камсыз кылабыз деген пландарыбыз бар.
Азыр казынабызда болгон акчабызды берип жатабыз. Эгер акчабыз жетиштүү болгондо быйыл эле баарыңарды камсыз кылат элек.
Ушул жерден бир чындыкты айтып коюшум керек. Өлкөбүз эгемендик алганы биринчи жолу айыл чарбасына ушундай чоң суммадагы каражат бөлүнүп жатат.
Биздин ишкерлерге өзүнчө кайрылгым келет, бизге азыр өндүрүштүк ишканаларды түзүү керек. Албетте, сооданы активдүү өнүктүрүүнү улантабыз. Бирок өзүбүздүн продукцияларыбызды экспортко көбүрөөк чыгарышыбыз керек.
Каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү.
Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик.
Ар бир валютанын куну качат.
Биздин алтындын гана баасы өсөт.
Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар.
1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок.
Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Эч кандай төлөмдөр да жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет.
Алтын эч качан кунун жоготпойт.
Керек болсо кайсы убакта болбосун, кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсеңиздер болот. Улуттук банк учурдагы базар баасы (кардар сатып жаткан маалда наркы кайсы баада болсо ошол баа) менен сатып алат.
Экономиканын бир нече тармактарын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан жигердүү дем берүүдөн тышкары, жакынкы апталарда өлкө боюнча “Мекен чакырыгы” аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы да ишке кирет. Бул жүз миңдеген жарандарыбыздын Кыргызстанды жакшыртууга салым кошуусуна жана өз үй-бүлөлөрүн камсыз кылуусуна шарт түзөт.
Калктын аялуу катмары:
жалгыз бой калгандар, жетимдер жана кары-картаңдар социалдык камсыздоо органдарынан болушунча колдоо алышат.
1-апрелден баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин айлык акылары көтөрүлөт.
Эң башкысы - азыр дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болуу. “Өлбөгөн жанга жаз да келет” деп ата-бабаларыбыз айткандай, жергебизге жаз да келди!
Убактылуу ар кандай кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз.
Мамлекет эч кимди көңүл сыртында калтырбайт.
Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашайбыз!
Уважаемые кыргызстанцы!
В последние дни резко обострилась международная обстановка и ситуация на мировых рынках. Как всем хорошо известно, наша страна испытывает трудности в связи со значительным повышением цен на топливо. Значительно выросла цена на муку и другие крупы. Всё это происходит, когда наша экономика еще не оправилась от пандемии коронавируса.
Возможно, что в ближайшее время мы столкнемся с большим давлением на нашу национальную валюту. Международная ситуация может также негативно сказаться и на наших соотечественниках, которые работают за рубежом.
Кабинетом Министров разработан антикризисный план мероприятий. Всеми нашими министерствами будут предприняты специальные меры по смягчению влияния внешних воздействий на наших граждан.
Сейчас нашей первоочередной задачей является максимальное сохранение нашего экономического потенциала.
Мы сделаем всё возможное, чтобы наш народ достойно прошел и это испытание. Конечно, заведомо известно, что найдутся те силы, которые захотят воспользоваться этими трудностями в попытке нарушить единство нашего народа, внести раздор.
Я заранее хочу предупредить, их усилия обречены на провал. Сейчас мы видим единство, сплоченность государства и народа.
На сегодня самое главное – это обеспечить продовольственную безопасность, как всего населения, так и каждой семьи. Именно поэтому сейчас мы делаем всё, чтобы ни одно поле не осталось не засеянным. Мы должны значительно нарастить собственное производство сельскохозяйственной продукции и его последующую переработку. Каждая капля воды дорога и мы выделили все требующиеся средства на то, чтобы расчистить каналы и арыки и сберечь всю влагу в нынешнее время.
В этом году на аграрный сектор выделено 26 млрд сомов. И здесь я хочу открыто обратиться ко всем фермерам. В этом году этой суммы не хватит на всех фермеров и крестьян, так как в стране их насчитывается более 400 тысяч.
В этом году получат многие, но не все. Даст Бог, в последующие годы мы планируем выделять больше денег, и через три года мы сможем обеспечить всех фермеров.
Сейчас мы отдаем все деньги, которые есть в нашей казне. Мы обеспечили бы всех в этом году, будь у нас достаточно денег.
Я должен сказать честно, с момента обретения независимости впервые на сельское хозяйство выделяется такая большая сумма.
С отдельными словами я хочу обратиться к нашим предпринимателям. Нам сейчас надо создавать производство. Конечно, мы продолжим активно развивать торговую сферу. Но нам необходимо экспортировать больше собственной продукции.
Важно также обратить внимание на возможность инвестирования в золото.
Мы упростили процедуру покупки золотых слитков в любом количестве.
Стоимость любой валюты постоянно уменьшается.
Только цена на наше золото растет.
Поэтому наши граждане, у которых есть деньги, могут купить золотые слитки от 1 грамма до 13 килограммов в любом объеме у Национального банка. Никаких ограничений нет, в том числе на вывоз за рубеж, при этом плата взиматься не будет.
Мы создали такие условия. Сохраните лучше свой капитал с помощью золота вместо бумажных денег. Вы можете положить свое золото на сохранение в Национальный банк или сами можете обеспечить его целостность как вам удобно.
Золото никогда не теряет своей ценности.
При необходимости вы можете в любой момент продать его обратно Национальному банку. Национальный банк покупает по текущей рыночной стоимости, т.е. клиент продает по цене, установленной на момент сделки.
Помимо активного государственного стимулирования развития ряда отраслей экономики, в ближайшие недели будет запущена общенациональная программа оплачиваемых общественных работ “Мекен Чакырыгы”, которая позволит сотням тысяч наших людей принять участие в благоустройстве Кыргызстана и обеспечить свои семьи.
Уязвимые группы населения:
одинокие, сироты и пожилые люди - получат максимальную поддержку со стороны органов социального обеспечения.
С 1 апреля повысится заработная плата государственных и муниципальных служащих.
Самое главное сейчас не паниковать и сохранять спокойствие.
Как говорили наши достопочтенные предки: “Өлбөгөн жанга жаз келет”. Пришла весна и на нашу землю! Вместе мы осилим любые временные невзгоды.
Государство не оставит никого без внимания.
Мы будем жить в мире и согласии!
Эмне үчүн бул окуяны эстедим? Себеп: кедейи да, байы да тойлордо жана өлүмдөрдө коммунисттик партия учурунда кутурууну башташкан. Октябрь ынкылабына чейин кедейлер байлар жасаганды жасай алышпайт эле, теңелбейт деле. СССРдин 70-жылдары башталган “застой” (бир жерде туруп калуу) жөнөкөй жарандарда эмес, а партиялык элитада ушундай терс көрүнүштөргө жол ачты…
Ошондуктан депутаттарга сунуштайт элем: мамлекеттик кызматтагы адам Президенттин жарлыгын бузса акчалай айыптан тышкары аны жумуштан четтетүү абзел.
Азыр карызга батса да кедей жана орто жашаган кыргыз миллионерлерге жана коррупционерлер
Мамлекеттик кызматта эместегилер сөзсүз акчалай айыпка жыгылышы керек жана коомдук иштерге жазаланыш керек (мисалы, көчө шыпыруу, бейтапканаларда
Вассальная позиция которой он придерживается фундаментально противоречит национальным интересам Кыргызской Республики.
Пора делать заявление против агрессии РФ.
Иначе за все последствия отвечать ему.
Иначе, мы будем в ряде стран изгоев, и отрезаны от всего мира.Учитывая, что мы и так не блещем репутацией в глазах мирового сообщества благодаря коррупционерам и ворам у власти, давайте постараемся не стать изгоем. Это не в наших интересах.
Mы миролюбивый и честный народ. КR with #Ukraine.
И не нужно прикрываться мигрантами.
6 миллионов внутри страны и плюс мигранты страдают уже 30 лет и будут дальше страдать от вассальной политики всяких бандитов и коррупционеров которые приходят к власти через госпереворот. Мы будет страдать в любом случае, без политики соответствующей
Президент айыл чарбага 16 млрд сом бөлүнөөрүн жана өлкөбүздөгү 400 миң фермерлер менен дыйкандардын баарына ал акча жетпешин ачык айтты. Бирок фермерлерге түз акчалай жардам берилүү фактысы эле бул жакшы көрүнүш. Быйыл жетпегендерге эмки жылы тиет. Эң негизи - кредиттер, ссудалар орто жолдо таланып-тонолуп
Андан тышкары президент эл аралык кырдаалга байланыштуу эконимакабыз жана улуттук валютабыз чоң кыйынчылыктарга
Чынында, Оруссия Украинага кол салгандыгы үчүн катуу санкцияларга учурады. Анын кесепети Кыргызстанга сөзсүз тиет, себеп биз ЕАЭСтин жана Бажы Биримдигинин мүчөсүбүз, биздин экономика Оруссиянын экономикасына катуу байланган. Ошол үчүн Оруссиянын экономикалык, соода, валюталык жана саясий сокку жегендери Кыргызстанга сөзсүз жаңырыктай сезилип турат. Эми мындан ары жеңил жашоо биз үчүн да жок болот.
Дүйнө боюнча согуш токтосун, орус аскери Украиндан чыксын деп жатышса биздин эле бийлик орустарды колдоп бергени туура эмес болуп калды.
Санкциялар күчөюп жатат, рубль түшүп кетти, Оруссиянын экономикасы төмөндөп жатат. Саясатчы жана окумушту катары төмөнкү корутундуга макул болуп жатам: жакында Оруссиянын экономикасы аябай зыянга учурайт, көп мекемелер жабылат, жумушсуздук башталат. Ошондо мигранттар биринчи кезекте жумуштан четтетилет. Өкүнүчтүү, бирок биздин жарандар үчүн Оруссияда иштөө пайдасыз болуп калат. Мигранттар үйлөрүнө кайтышты баштайт.
Любой экономисттен сурасаңар ушундай анализди беришет.
Мурдагы президенттер жана алардын айланасы “Күмтөр оперейтингдин” (ага чейин “Центерранын”) канадалык ээлери берген акчалай сыйлыктарга-бел
Кореяда, Жапонияда мамлекет экономикалык кыйынчылыктарга
Менин оюмча, президент эл аралык уюмдарга альтернатива катарынла өзүбүздө өндүрүлүп жаткан алтынды ушул жол менен да сатып, бюджетке акча түшүрөюн деген ниетте. Ажонун мындай кадамын мен колдоймун.
Кыргызстанда жумуш маселеси да өтө кыйын болуп атат,айлыгы аз сааты көп. Мисалы менин уулум сегизде кетип түнү он экиде араң келет суй жыгылып,тапканы
Продуктыны кымбаттатып доляга отургандардын алкымын тыйып,жумуш берүүчүлөргө приказ бериңиз,эмгек акыны да көтөрүшсүн

ОШОНДУКТАН ушундай ситуациядан чыгара турган күчтүү менеджерлер Келдибеков, Улукбек Кочкоровго окшогон мыкты кадрларды тартсаныз болмок.
То Адахан тоскоол кылат,то Аспеков,то Орозайым...
Эки яйца тоскоол кылган танцорсун
Ишинизге ийгилик Садыр Нургожоевич!
Канча жылдан бери турган жол дагы Бир Эки жыл туруп турмакта .
Башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жакшы болбой жатат Россия жана башка мамлекеттер менен сүйлөшүш керек эле.
Башка Өлкөлөрдөгу банктардагы эсептерин алып келип токтуруш керек эле.
Тилеке каршы алар кайра депутатт болуп ,мамлекеттик кызматкер болуп келип жатышканы өтө өкүнүчтүү 😢
Жемкорлордун Өлкөгө келтирген чыгымдарын иликтеп чыгыш керек, Соттор өкүм чыгарыш керек эле. Анан мыйзам чегинде жазаларын алыштары керек эле.
Азыр ар бир Айыл Өкмөттордо , Райондордо, Областарда, Республикабызда
"Көнгөн адат калабы уйга жүгөн салабы" демекчи баягы көнгөн адатарын кылып жатышат...
Кыял Мамлекеттик Мекемени да, анын жанындагы 40 сотых жерди жеп жаткандарды да көзөмөлдөп койсоңуз сураныч...
Анткени ал жердеги камала турган жемкор базаркомдор , кайра дагы ал жердин документтин улантабыз деп чуркап жүрүшөт имиш Меряга барышып.
Ал жердин акчасы мам казынага түшүшү керек.
Жер уй Алтын кенинен 4 тонна ашыкк алтынды ондуруп алды бирок шылдындагансын силерге ,0.2 процент берди
Озунуз айтып жургонсуз Талас ыйык жер Манас атабыз жердеген жер деп элди нааразы кылбай жер Уй кенинин эсебинен айыл окмотторго жардам бердиртиниз ар айыл окмотуно жок дегенде 100 мин доллардан ошондо Дыйкандарга жардам берген болосуз
Биздин айыл окмотто 3 БСР бар учоосу Тен толду
Сизге чейин кат жазып атат майнап чыкпай
Уч БСРден болжолу менен 2.3 мин гектар жер суугарылат
Мындайча айтканда уч мин уй було ошол жерден суу сугарып тушум алат
Быйыл тазаланбаса анда элдин кыйналганы дагы кучой баштайт
Талас эли Сизге нааразы .жер уй Алтын кенинен 4 тонна алтын казып алып таласка болгону 0.2 процент калтырыптвр
Дыйкандарга жазгы- талаа иштери үчүн өзүбүздөн өндүрүлгөн ГСМ ди өз баасында ( дүйнөлүк баада эмес) берүүңүздү сунуш кылат элем.
Бул дыйкандар үчүн чыныгы камкордук болмок.
Жер жузундо тынчтык болсун!
Тынчтык болуп ден-соолук болсо кыйынчылыктарды
Кредиттерди дыйканчылыкты суйгон билген адамдарга беруу керек.Ушуларга конул бурулса созсуз алдыга жылганга туртку болоор эле..Буйруса Кыргызстаныбыз онугот.Ниет кылып,дуба кылалы!!
