Sadyr Japarov is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met Sadyr.
Sadyr Japarov is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met Sadyr.
Sadyr  Japarov, profile picture

Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн ушундай Жарлык чыгаруу чечимин кабыл алдым. Бул Жарлыкка ылайык, кыргызстандыктардын баарына: колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат.
Илгертеден бери жалпыбызга белгилүү болуп келгендей, өлүм чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет. Жыйынтыгында азыр дагы колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет.
Ошондуктан, кимибиз болбойлу - баарыбызга эреже бирдей болуп, жалпы эрежеге баш ийүүгө чакырам. Антпесек өлүм чыккан үйдө аза күтүүнүн ордуна казан-казан эт кайнап, табак-табак эт тартылып, той сыяктуу көрүнүштөр болуп жатканы бүгүн да болуп жатат.
Ооба, бул Жарлыкка каршы чыккандар дагы болду. «Маселен, эмне үчүн менин атам 90го чыгып, акыркы сапарга кетип жатса, бир жылкы союп узатпашым керек» дегендер чыкты. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек.
Өзүмдүн башымдан өткөн бир мисалды айта кетейин. 2019-жылы тун уулум Дастан каза болгондо айылдан бир туугандарым чалып, «үч бодо даярдадык, жетеби» деп сурашты. Мен «кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар» деп, эч нерсе сойдурбай койдум. Алар «алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөз кылышат, сөзгө калабыз» деп, мени ынандырганга аракет кылышты. «Сөз кылса, мени сөз кылышсын, мен той берип жаткан жокмун, мен аза күтүп жатам» деп караманча каршы болдум. Жыйынтыгында он миңдей адам келип, топурак салып кетишти. Эч ким эч кандай сөз деле кылган жок. Тескерисинче, “ушул туура эле болот экен” деп кеткендер көпчүлүктү түздү.
Ошондуктан, бардык кыргызстандыктардан суранат элем, колдоп бериңиздер. Баарыбыз бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү. Ал эми бул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырам. Жергиликтүү бийликтер:
мектептин директорлорунан баштап, участкалык милициялар, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акими, Президенттин өкүлүнө чейин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алышыңарды талап кылам жана ар бириңер жооп берериңерди эскертем.

Уважаемые кыргызстанцы!
Сегодня я решил издать Указ, согласно которому всем гражданам страны, независимо от того, есть у них возможность или нет, запрещается забивать скот на похоронах.
Как всем давно известно, похороны у нас превращаются в торжества. Продолжаются случаи, когда бедные забивают одну корову, а богатые по пять голов крупного рогатого скота. В результате нередки случаи, когда бедные семьи, соревнуясь с богатыми (поддавшись тщеславию), забивают одну единственную свою корову и провожают в последний путь своих близких, а сами остаются ни с чем.
Поэтому, кем бы мы ни были, я призываю всех нас следовать одним и тем же правилам. В противном случае продолжатся такие явления, когда вместо траура в доме, где произошла смерть, будут варить мясо в казанах, подавать блюда как на тоях и т.д.
Да, были и противники этого Указа. Некоторые заявляли: «Например, почему нельзя зарезать лошадь, когда провожаю в последний путь своего отца, который дожил до 90 лет?» Но я верю, что таких граждан меньшинство. Меньшинство должно подчиняться большинству.
Приведу пример из собственного опыта. Когда в 2019 году погиб мой старший сын Дастан, мне позвонили родственники из села и спросили: «Хватит ли трех голов скота, которые они подготовили?». Я не позволил им никого забивать, сказав, чтобы даже курицу не резали.
Хотя они пытались меня уговорить со словами «приедут много людей издалека, мы что их голодными отправим назад? Пойдут разговоры».
В ответ я им сказал: «Если они и будут обсуждать этот поступок, то будут говорить про меня. Но я не провожу той (праздник), у меня траур». В итоге около десяти тысяч человек присутствовали на похоронах. И никто не сказал ни слова. Наоборот большинство с одобрением отнеслись к этому.
Поэтому я хотел бы попросить всех кыргызстанцев поддержать данный Указ.
Давайте все следовать одним и тем же правилам, не делясь на богатых и бедных.
Контроль за исполнением настоящего Указа поручаю всем органам местного самоуправления, в том числе и Кабинету Министров.
Я требую, чтобы местные власти:
начиная от директоров школ, всем участковым милиционерам, глав айыл окмоту, руководителей районных учреждений, акимов районов, и заканчивая полпредами Президента провели информационно-разъяснительную работу и взяли под строгий контроль данный вопрос.
Отмечу, что каждый будет в ответе за исполнение данного Указа.

Солнце Светит Всем Одинаково, profile picture
Солнце Светит Всем Одинаково
Эн туура болду, сонун болду. Анткени Кыргыз эли атаандашып отуруп акыркы саан уйун деле сойуп берип, келген элди узатып, жакынынан жок же жалгыз уйунан отуруп калгандар болгон.. Биздин кээ бир салттар өзгөчө өлүм житимдеги, ашыкча ысырапкорчулукка түртүп отуруп элибизди жакырлыкка алып кете турган жолго түшүрмөк...
Бул жарлыктар убагында чыкканы эн жакшы болду..
Гулжан Асанбекова, profile picture
Гулжан Асанбекова
Аш-той, олум-житимге короткон ысырапкерчиликтин айынан алдыга жыла албай жатабыз. Олгон адамга костюм-шым, пальто, 5 метр тукаба, килем, жоолук, калпактын эмне кереги бар? Эсептеп корсонор бир аза кутуу зыйнатына барыш учун канча акча кетип атат. Тапкандарынын баарын аш-тойго салып берип коюп отуруп калышат. Россияда кыйналып иштеп жаткан балдарын да аяшпайт. Аш-той деп журуп айыл жергесинде оздорунун ден-соолугун да карабаган адамдар бар. Азыр 21-кылым, чупурок- сапырак, калпак, койнокко, призге кеткен акчаны адамдар балдарынын билим алуусуна, оздорун онуктурууго (тажрыйба топтоо, курстарга баруу, руханий жактан онугуу, кругозорду кенейтуу, чакан бизнес ачуу) ден-соолукту чындоого, эс алууга ж.б. коротсо кандай жакшы, онуккон коомго айланмакпыз. Башка элдер секунд сайын алдыга кетип жатат. А биз баягы эле баштык которуп алып, аш-тойдон башыбыз чыкпай журот. Ойлонууга, чечкиндуу кадамдарга барууга убакыт келди!!!
Талант Анарбаев, profile picture
Талант Анарбаев
Эми той-шаан шокотту толук,так жолго салуу керек
Munara Baratova, profile picture
Munara Baratova
Тура чечим!! Колдойм!!!Менин мисалы бир курбум атасы олгондо Кыргызстанга барып келди. Эл коп келгендиктен 2 жылкы союшуптур. Башка бир туугандарынын колунда жок богондон кийин расходдун кобун озу которду. Болбосо акчаны кыйынчылык менен табат. Бир кундо эле 2-3 айлыгы кетип калды.
Aijan Akylbekova, profile picture
Aijan Akylbekova
Ушул жакшы чечим болду!
Болот Бек, profile picture
Болот Бек
Абдан туура чечим болду, беш кол тен эмес! Инсанды козу тируундо сыйлап кал! Ал эми козу отуп кеткенден кийин, мин мал сойгонун менен ал кайра тирилип келбейт! Кеп малда эмес, болгону жакшылыкты козу барда кылып кал деген ойдомун.
Akbalyk Kalyevna, profile picture
Akbalyk Kalyevna
Эң туура чечим! Колдойбуз!
Талант Анарбаев, profile picture
Талант Анарбаев
Кантип жолго салса болот …торт жуздон ашуун айыл-окмотторго жобону толук ишке ашыруу керек
Aijar Jantemirova, profile picture
Aijar Jantemirova
Абдан туура чечим болду. Дагы бир масале бар ушул сыяктуу эле, областЬтарга ар турдуу мамлекеттик иш чаралар отуп жатканда же болбосо текшеруу иштер менен комиссия тузцмдору барып калышса ар кандай (структура) мам.кызматтагы 'начальникер сойуш союп, дасторкон жайып, сый коргознондорун да токтотушсун, ал сый бир кундук кызматкерлердин айлык манайясы, анан ал кызматкерлер бир кундук айлык акысын 'справкаларга печать койуп, мам.турдо бекер берилген убакта да, сатыкка койуп, акча жасашат, атайы эмес, айласы кеткенден, (начальниктери коп сый корсотуп турушса, катардагы кызматкерлерге оор эле болот)ошентип 'замкнутый круг корупция улана берет, баарыдык туз жол башында турган жогорку кызматтагылардан башталат Садыр Жапаров, суранат элем мумкун болушунча ушул масалени да акырын изилдеп чыгуунузду. Баарын эле билип, сезип турасыз.
Калыбек Жапаров, profile picture
Калыбек Жапаров
Бали, бали, Садыр Нургожоевич.
Туура чечим кылдыңыз!
Мына, бул сиздин журт аталык милдетиңиз болду.
Туура айтасыз, Дастан жерге берилгенде эч кандай мал сойдурган эмессиз.
Баардыгы туура кабыл алып, бата берип кайтышкан.
Галина Байтерек, profile picture
Галина Байтерек
Туура жарлык! Колдойбуз!
Merim Kozhonova, profile picture
Merim Kozhonova
Right decision!
Kanybek  Temirov, profile picture
Kanybek Temirov
Канча жарандарды кыйнаган маселе эле. Ушинтип токтотуш керек! Маркум комуло элек азада турган жакындарын мал сойдуруп кыйнаган учурлар коп болду го. Колунда жок болсо тигил сага карызга берет деп алып сойдуруп жеп кетип калышат. А кийин аны тологондо кыйналгандар да болду го. Дегеле ашыкча чыгым, ысырапкорчулук болгон салттар улам жанысы кирип аша чаап кетип атабыз. Ойлонуп ошолорду да азайтыш керек!
Aisuluu Kolbaeva, profile picture
Aisuluu Kolbaeva
Кадырбектен, Суйунбек кем бекем дешип бири бирине атандашып колунда жогу аза куну чон мал сойуп 115 мин сомдон, 170 мин сомго чейин карызга белчесинен баткандар жок эмес, бар. Туура чечим, тегиз чечим чыгарыпсыз колдойм шеф
Kudret Taichabarov, profile picture
Kudret Taichabarov
👍 өтө туура кадам.
Астра Сулайманова, profile picture
Астра Сулайманова
Эң туура чечим
Болот Бек, profile picture
Болот Бек
Эн туура чечим!
Аманбай Сооронбаев, profile picture
Аманбай Сооронбаев
Эн туура колдойбуз
Abdurakhmanov Avaz, profile picture
Abdurakhmanov Avaz
Эң туура чечим болуптур, ысырапчылыктан тыйылышыбыз керек эле!
Улан Джумаков , profile picture
Улан Джумаков
Поддерживаю, это своевременный и нужный указ, людям станет намного легче.
Ирсалат Акпарова, profile picture
Ирсалат Акпарова
Эң туура чечим, элге жеңилдик болгону жакшы болду. Өлүм чыккан үйдө үч күнгө чейин тамак ичилбесе андан дагы жакшы болмок.
Nurkan Toktosunova, profile picture
Nurkan Toktosunova
Эң туура чечим! Тойдон айырмасы жок болуп, эл тараганда туугандары очойтуп карыздар кылып коюп кетишет. Жакынын жоготуу, андан кийин карыз төлөө...эх!
Диана Айдарова, profile picture
Диана Айдарова
Ушул жарлыгыныз жакты!👍
Kutman Abdyrazakov, profile picture
Kutman Abdyrazakov
Эң туура колдойм.
Нурбек Рыскулов, profile picture
Нурбек Рыскулов
Туура
Бектурсун Алибеков, profile picture
Бектурсун Алибеков
Қожойундун ушундай буйруғусуз өз эрки менен ушундай қадамға бара алышпаған;
"қожойун тилин алчаақ"
қандаштарыбыз үчүн эң туура жана эң зарыл
Б У Й Р У Қ ! - болуптур.
Жарайсыз!

Бизде төрт беш жылдан бери элибиз өзү эле ушундай салтқа өткөнүнө қарабай,
арабызда ашынған қаадаланғандар болбой эле ысырапкерчилик жасап келишүүдө.
Темир Айдар, profile picture
Темир Айдар
Эн туура чечим!!!!
Назгуль Бакыевна Насиева, profile picture
Назгуль Бакыевна Насиева
Эң туура, колдойм. Антпесек, өлгөнгө да, тойго келгендей, устукан, чучук жейбиз деп, өлгөн кишинин да кадырын кетиришти
Zarylbek  Maatkalykov, profile picture
Zarylbek Maatkalykov
Колдоймун!