Коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө берип коеюн деп чечтим.
1. Электр энергиясы боюнча.
Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык Электроэнергия берип жатышат.
Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электро энергияны импорт алып жаткан жокпуз.
2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп келе жатат экенбиз.
Буга чейин импорттун баасы канча экен дебейсиздерби?
2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун.
Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз.
Менин тапшырмам менен Энергетика министри элден “Күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, "Токтогулдагы" суубузду сактап калалы” деп суранды.
Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат.
Биз электр кубатына гана пайдаланабыз.
Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет.
Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот.
Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат.
Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат.
Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар.
Министрлик рейд жасаган учурда көрдүк го. Унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат.
Бул эмнени билдирет?
Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет.
“Ай, ошо да кеппи. Төлөп коем” дегендер демек колунда бар адамдар.
Ал эми колунда жоктор бир лампочкасын өчүрүп, үнөмдөп турушат.
Ошон үчүн жазда тариф маселесин көтөрүп, эки категорияга бөлөлү:
аярлуу катмарга 0,77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү дегенимде, ага да каршы чыккандар болушту “элди бай-кедей кылып бөлбө” деп. Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар?
Убакыт керек.
И баса, акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Элдин саны болсо өсүп атат. Албетте, электр кубатына болгон суроо- талап мурдагыдан 3 эсеге өстү. Азыр эми ГЭСтерди өз күчүбүз менен эле сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз.
2. “Кумтөр” маселеси боюнча.
Биздин сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт.
Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып.
“Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен.
Утулбайбыз, утабыз.
Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли.
Эмне болот?
“Кумтөрдү” көчүрүп кетеби?
Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?
Эл колдоп турса болду.
Казып атабыз, каза беребиз.
Эч ким тоскоол боло албайт.
3. Шайлоо боюнча.
Мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат.
Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим.
36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар.
Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт.
Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер.
Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги (галочка) коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы эл өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер.
Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт.
Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок.
Ал заман артта калды.
Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң.
4. Кымбатчылык боюнча.
Коронавирус оорусу башталганы бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз. Ковид менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле. Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия-пособие, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат.
Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек.
Уважаемые кыргызстанцы!
Я решил поделиться с вами информацией по вопросам, которые сейчас широко обсуждаются в обществе.
1. Относительно электроэнергии.
Сейчас мы получаем электроэнергию из Туркменистана.
На днях Таджикистан тоже представил свои предложения и начал поставки.
Казахстан и Узбекистан также поставляют электричество в соответствии с предыдущими договоренностями.
Мы не сегодня начали импорт из соседних стран. Оказывается, мы импортируем электроэнергию с 2010 года по настоящее время.
Спросите, какова была цена импорта до этого момента?
С 2014 года один киловатт покупали за
5 сомов, а населению продавали за 0,77 тыйынов.
Разница покрывалась за счет народа, точнее за счет казны. Расходы составили несколько миллиардов сомов.
Я пресек эти злоупотребления и халатность.
Сейчас мы покупаем по цене около двух сомов.
По поему поручению Министр энергетики попросил людей экономить электричество и выключать свет днем, чтобы сохранить объем воды в «Токтогулке».
Эту воду мы не используем для полива, ее используют Узбекистан и Казахстан.
Мы используем только для выработки электромощностей.
Если использовать в своих интересах только ради выработки электромощностей, то на зиму воды в «Токтогулке» нам хватит с лихвой.
Но тогда весной нам придется закрыть «Токтогулку» до зимы, чтобы заполнить водохранилище.
Если мы сделаем так, то соседние страны летом останутся без воды, у них произойдет засуха, что будет иметь серьезные последствия для всех нас.
Вот почему нам нужно также заботиться о наших соседях.
Соответственно, они нам помогают с электроэнергией.
А если говорить о наших гражданах, которые не рационально используют электроэнергию, то им электричество обходится очень дешево.
Если бы у нас стоимость составляла 5 сомов вместо 0,77 тыйына за киловатт,
как в соседних странах, то и отношение было бы иное.
Мы же видели это во время рейда Министерства энергетики и промышленности.
Днем свет горит в автомастерских, кафе, ресторанах и рынках.
Что это означает?
Это значит, что у нас дешевая электроэнергия.
«Да разве это проблема? Заплачу», - заявляют иные состоятельные люди.
Менее состоятельные граждане выключают лампочки и экономят деньги. Поэтому этой весной, когда мы хотели поднять вопрос о тарифах и разделить население на две категории:
сделать стоимость по 0,77 тыйынов для уязвимых слоев населения и убрать ограничения, а также увеличить тариф для состоятельных, то нашлись противники данной инициативы, которые заявили, что нельзя делить людей на богатых и бедных.
Хорошо, может быть, вы все глубоко осознав согласитесь позже. Нужно время.
Кстати, за последние 10 лет мы не построили ни одной гидроэлектростанции, а численность населения растет. Естественно, спрос на электроэнергию вырос втрое.
Сейчас мы начали строить гидроэлектростанции собственными силами. Даст Бог, мы сможем преодолеть дефицит энергии к 2024-2025 годам и начнем экспорт.
2. По вопросу о «Кумторе».
Переговоры в Женеве прошли не по нашей просьбе, а по инициативе «Центерры».
В составе нашей делегации участвовали четыре человека.
По поводу того, что LBMA отказалась принимать наше золото.
Нашим гражданам, поднимающим ажиотаж, что, мол теперь, мы не сможем продать свое золото, хочу сказать - не волнуйтесь.
Золото всегда найдет свой сбыт.
Покупатели стоят в очереди.
Есть также те, которые говорят:
«Что будет, если мы проиграем в международном арбитражном суде?».
Мы не проиграем, мы выигрываем.
Хорошо, допустим нас победили под влиянием мировой мафии.
Что тогда будет?
Они перенесут к себе «Кумтор»?
Земля наша, горы наши, богатство наше и, наконец, люди наши, верно?
Главное, чтобы была поддержка народа.
Мы сейчас добываем золото и продолжим это делать. Никто не сможет нам препятствовать.
3. О выборах.
Отныне все выборы будут максимально чистыми.
Я сделаю для этого всё возможное. Административный ресурс вообще не будет использоваться. Чиновники, которых уличат в поддержке некой партии или кандидата, будут немедленно уволены и привлечены к ответственности.
Соответственно, люди не должны продавать свои голоса.
На этот раз я дал вам возможность провести люстрацию парламента.
Вы можете избрать 36 депутатов от одномандатных округов своими прямыми представителями.
Кроме того, вы изберете 54 депутата по партийным спискам.
Не надо будет как прежде голосовать только за партии.
Вы сможете проголосовать за понравившегося кандидата внутри партии.
Точнее, в партийном бюллетене будут ставиться две отметки (галочки).
За партию и за понравившегося кандидата.
В результате в парламент придут депутаты, пользующиеся реальной поддержкой людей.
Таким образом, народ своим голосованием подвергнет парламент люстрации.
И я скажу тем, кто шумит, что старые возвращаются - если вы не проголосуете за нежелательного кандидата, то он не придет. Сейчас нет такого понятия, что «попаду в десятку - стану депутатом».
Это время осталось позади.
Неважно, на каком вы месте в списке.
Если вы занимаете 54-е место в списке и набираете наибольшее количество голосов, вы станете первым.
4. По подорожанию.
С момента вспышки коронавируса прошло полтора года.
Все страны закрыли свои границы.
Торговля замерла.
Поэтому дорожает не только у нас в стране, но и во всем мире.
Конечно, в этом случае и налогов, и таможенных пошлин будет меньше.
Казна останется не заполненной.
Однако мы днем и ночью пытаемся остановить рост цен и удержать их в определенных пределах.
Борьба с пандемией не прекращается.
Мы выделили деньги из казны и закупили вакцину.
В некоторых странах вакцинация проходит платно. А у нас есть люди, которые не хотят проходить бесплатную вакцинацию.
Если мы как можно раньше остановим коронавирус, тогда и мировые державы откроют свои границы.
Конечно, тогда подорожание бы остановилось.
Несмотря на все трудности, мы повышаем пенсии и зарплаты.
Мы укрепляем наши вооруженные силы. Строятся дороги.
Всё, что мы делаем, идет на благо людей, государства и наших потомков.
Спустя время нам не будет стыдно за то, что мы сделали сегодня.
Не беспокойтесь, все будет хорошо, нужно время.
Элдин үмүтү аткарылбай калды! Люстрация жок, ныпым жок! Эмнеге эл аралабайсыз?
Камчыбек Ташиев бир жактан Сиз бир жактан мындай кылам тигиндей кылам деп эле жатасыңар. Экөөңөр чамасы жарышып атак даңк талашып жатат окшойсуңар.
Бирок бул менин жеке көз карашым ошондой, балким иштейли деп жаткан чыгарсыңар. Бирок аны жасадым муну жасадым дей бербей ишти кыла бергиле да.
Талыкпай иштей бериңиз!
Ак жол!
Ар дайым колдойбуз,
...колдоп келгенбиз,
...дагы деле колдой беребиз!
Калың журт карапайым эл сизди колдойбуз
Себеби сиз эл тарапта экениңизди билебиз
Күчтүү мамлекет!🇰🇬
Садыр Нургожоевич ийгилик сизге!🇰🇬
Урматтуу Талас облусунун жашоочулары
жана мекендештер!
Баарын көрүп, билип, түшүнүп туруп, унчукпай олтурууга абийирим жол бербеди.
Эртеңки күнүңүздөр коркунучка, туңгуюкка бара жатат. Жерүй кенин ачтырсаңыздар Кумтөрдүн кейпин кийесиздер. Себеби, Жерүй кени суу башында жайгашкан. Ал жактан агып чыккан суу Таласты аралап өтөт. Ал сууну сиздер өмүр бою ичесиздер, мал жандыгыңыздар ичет, сугат катары пайдаланасыздар
(Союз мезгилинде чет мамлекеттерде жүргөн чалгынчыларыбыз
Цианид сууга аралашпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, азыр мамлекеттик көзөмөлдөө органдары алсыз. Коррупционерлер
Өз чөнтөк кызыкчылыктары үчүн, "Эч зыяны болбойт, ачабыз" деп чуркап жүргөндөрдүн жомокторуна эч качан ишенбеңиздер.
Эми мамлекетибизге жана элибизге боло турган зыяндуу жагына токтолоюн.
Жерүй алтын кенинде азыркы учурдагы баа менен эсептегенде 5 миллиард доллардын алтыны бар, 100 тоннага жакын алтын, күмүш жана башка баалуу металлдар жатат.
Аны 2 тонна алтындын баасына сатышты. Албетте чөнтөк кызыкчылыктарын
Дагы беш жылдын ичинде (алтынды казып алып бүткөнгө чейин) мамилекетибиз эң көп болсо 8 тонна алтындын баасын салык, эмгек акы, соц фонд жана башка ар кандай төлөмдөр аркылуу пайда көрүшү мүмкүн. Башка бир тыйын ашыкча пайда көрбөйбүз. Жерүй Кумтөрдөн кийинки кылымдын экинчи аферасы болду десек эч жаңылышпайбыз. Ошол эле учурда келечек муундарыбызга, кылымдан кылымга кала турган уулуу калдыктарды калтырып жатабыз. Эң жок дегенде алтынды 100 пайыз мамлекетибиз өзү казып алса мейли десек болот эле. Бирок андай болгон жок.
Ал эми экологиялык зыяндарын ден-соолугуңарг
Эртең Жерүй алтын кени иштеп баштаса, Талас өрөөнүнөн көп болсо миң адам жумуш менен камсыз болушуп, эмгек акы ала башташат. Албетте, үй-бүлө мүчөлөрү менен кошулуп үч миң адам пайда көрөт. Бирок, мамлекет жана 6 миллион элибиз өтө чоң зыян тартат. Мындан сырткары, эртең экологиялык зыяндары кекиртегиңерден
Бул кайрылууну айрым менин тырмакчадагы саясий досторум "Мурда кайда жүрдүң эле?" - деген баягы дүжүр суроолорун бериши мүмкүн. Дароо эле жооп бере кетейин. "Саясатка жыйырма жыл мурда келсем болмок экен" деп, өзүм да өкүнүп жүрөм. Балким бул суроо жыйырма жылдан кийин дагы берилиши мүмкүн. Ошол себептен азыр эскертип койгум келди.
Мына бул сүрөттөрдөгүдөй
Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин Садыр Жапаров.

