Sadyr Japarov is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met Sadyr.
Sadyr Japarov is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met Sadyr.
Sadyr  Japarov, profile picture

Айзада Канатбекованы ала качкандыгы жана анын өлүмү жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Коомубузда кыздарды мажбурлап никеге тургузуу дагы деле орун алып жатканы кабыл алынгыс көрүнүш. Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн бул чоң трагедия.
Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет.
Тилекке каршы, ала качуу үчүн жазалар катаалдаштырылгандыгына карабастан, уурдап кетип, мажбурлап никеге тургузуу жаштар арасында алигиче болуп келет. Бир нече жыл мурда мындай трагедия Бурулайдын башына келип, бир адам ага үйлөнөм деп ала качууга аракет кылган. Бурулай ысымы кыргызстандыктар үчүн эстен кеткис ысым катары калды. Кылмышкер жасаган иши үчүн соттолду. Бурулай болсо үй-бүлөсүнөн ажырап, бул дүйнө менен түбөлүккө коштошту. Мындай окуялар болбошу керек.
Ала качуу менен никелешүүгө мажбурлоо мыйзам чегинде катуу жазаланышы керек. Ала качууга жана жарандарды күч менен кармоого салым кошкондор үчүн кечирим болбошу керек.
Айрыкча Ички иштер министрлигинин иши жөнүндө айтып кетким келет. Коомубузда мыйзамдуулук жана тартип биринчи орунда турушу керек. Муну эч ким унутпашы кажет.
Айзада Канатбекованы ала качып, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя, тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек. Азыркы өнүккөн коомдо буга такыр жол берилбеши керек. Мындай кылмыш иштери үчүн баардыгы жазаланышы зарыл.
Мен Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүмө алам. Бул иш аягына чыгарылышы зарыл жана жазасы сөзсүз болот.
Кыргызстандын бардык жарандарын, эгерде кыз ала качуу аракеттерин көрүп калса, кайдыгер карабоого чакырам. Ар бир кыргызстандыктын өмүрү жана эркиндиги баарынан жогору турат.
Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Белиңиздерди бекем бууңуздар. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат.

Известие о похищении и гибели Айзады Канатбековой воспринял с большой горечью. Недопустимо, что в нашем обществе все еще имеют место быть подобные трагедии, когда девушек насильно заставляют вступать в брак. То, что случилось с Айзадой – это трагедия и боль не только для ее семьи, но и всего нашего государства.
Кража невест, насильственное удержание девушек и вступление в брак против воли неизменно приводит к трагедии. Всегда.
К великому сожалению, несмотря на ужесточение наказания за похищение невест, кража и принуждение к вступлению в брак все еще практикуется молодыми людьми. Несколько лет назад такая же трагедия случилась с Бурулай, которую взрослый мужчина пытался похитить с целью вступить в брак. Имя Бурулай стало для кыргызстанцев нарицательным. И, несмотря на то, что преступник был осужден за свое деяние, Бурулай навсегда оставила родных и этот свет. Таких случаев не должно быть.
Похищение и принуждение к браку против воли должно строго караться по закону и не должно быть прощения тем, кто способствует похищению и насильственному удержанию людей.
Особо скажу о работе МВД. Закон и порядок в нашем обществе должны быть превыше всего. И никому не стоит забывать об этом.
Трагический случай с Айзадой Канатбековой, с которой так жестоко расправился похититель, должен стать последним в истории краж невест. В современном обществе такое не должно быть допустимым. Наказание за такие преступные деяния должны нести все.
Случай с Айзадой Канатбековой беру под свой личный контроль. Это дело должно быть доведено до конца, наказание будет неотвратимо.
Призываю всех граждан Кыргызстана не оставаться равнодушными, если они видят попытки похищения невест. В Кыргызстане жизнь и свобода каждого кыргызстанца превыше всего.
Выражаю глубокие соболезнования семье Айзады Канатбековой. Крепитесь причастные к трагедии будут наказаны по всей строгости закона.

Mirbek Mamatkasym, profile picture
Mirbek Mamatkasym
Садыр Жапаров мырза, кечээ өчпөс отту өчүргөн бала 2 саатта эле табылган. А Айзаданы уурдагандар видеого толук түшкөнүнө карабай, 2,5 суткада табылбай, акыры зөөкүрдүн курмандыгы болду. Адам уурдоо бул оор кылмыш экенин билип туруп, план "Перехватты" иштетпесе, шаардын жана облустун милиция кызматкерлерине дароо ориентировкалар жиберилбесе, демек, ИИМ жетекчилиги ишине шалаакы мамиле кылган. Вотсап аркылуу баарына таратып салса болмок да, патрулдар тез эле тапмак. Кызды милиция издебей эле, соцтармактар аркылуу бир туугандары издегенин көрдүк го. Интернет заманында милиция деле соцтармактар аркылуу элге "Табышып койгула" деп кайрылса, жарандар ошол машиналарды бири болбосо бири көрүп, кабарламак.
"Коопсуз шаар" системасы штраф төлөтүү үчүн эле керекпи? Кылмышкерди ошол менен бат эле тапса болмок го.
ИИМ министри жана Бишкек ШИИББ башчысы кызматынан алынып, түптүз тиешелүү жетекчилер жоопко тартылмайынча, коом тынчыбайт экенин түшүнүшүңүз керек.
Чоңдор жазасын алганда гана, кийинкилер ишин так аткарып калат. Булар жазаланбай кала берсе, эртең Сизди да эч ким укпайт.
Сиз кызматка койгон министр үчүн Сиз жоопкер экениңизди унутпаңыз. Эл болсо унутпайт.
Abdushukur Djurayev, profile picture
Abdushukur Djurayev
Кетсин шалаакы министрлик
Bakytbek  Zhehehntaev, profile picture
Bakytbek Zhehehntaev
Өчпөс отко ойногон балдарга окшоп, уурдалган күнү бир пост жазып койсоңуз ошол күнү таап келишмек, ала качуу маселесинде милиция кызматкери да эртең эле куда сөөк болуп калышат булар деп маани бербей коюшат көп учурда эле.
Guljamal Gulya, profile picture
Guljamal Gulya
Ажо мырза..!!

. Сиз бошураак, жумшак болуп атасыз..
. Өлкөгө Сталин менен Саакашвилидей катаал киши керек.., өзгөчө катуу чечимдерди кабыл алышыңыз керек..!!
. Сиз өтө бош, жоош болуп атасыз, чынын айтыш керек..
. бизге ал жарашпайт да, жарабайт..
Кундуз Усупбаева, profile picture
Кундуз Усупбаева
Аял заты кордолгон коомдо жашап жатабыз. Азыр бар жогу бизнес дарыгерлер акчага сатылат. Менин синдимди Улукбек Мариповдун тууганы сузуп жарым жылдан бери да басып кете элек. Мамлекетибиз онукпойт окшойт. Келечек ойлондурат.
Орозбек Тажимаматов, profile picture
Орозбек Тажимаматов
Урматту журт башы Садыр Жапаров мырза элдин саламаттыгы тынчтыгы сизден коз каранды кылмыштарга катуу чара корушунуз керек.
Назгуль Мамытова, profile picture
Назгуль Мамытова
Садыр мырза, өлкөдө бардак болуп кетти! Тез арада бардык ишти өз көзөмөлүңүзгө албасаңыз болбойт! Катуу тартип керек!
Gulbara Nur, profile picture
Gulbara Nur
Ар бириндин башында уул-кызын бар бул жакта элге уйротпой, уйунордогу уул-кыздарынарга тарбия бергиле уйроткуло ошол озунордун келечек жашоонорго жана мамлекетке да кошкон салымынар!!!
Anipa Egemnazarova, profile picture
Anipa Egemnazarova
Кайран жаш өмүр кыйылыптыр ала качуу кылмыш деп катуу эле мыйзам киргизүү керек жазасын каттуулатыш керек.
Тиги жардам берген экөөсү кармалып катуу жазалансын!
Айзаданын жаткан жери жайлуу болсун!Туугандарына сабырдуулук тилейм!
Чынара Жээнбаева, profile picture
Чынара Жээнбаева
Эми мындай менен болбойт Садыр Жапаров мындайларды тикен зымга камап ошол жерде дароо жок кылуу кылбаса болбойт окшойт. Ошондо тез озгоруу болот болуш керек.😔
Асен Нуралиевич, profile picture
Асен Нуралиевич
Ала качуу бул адам уурдоо. Буга мыйзамдар барбы урматтуу президент.? Өлкөдө темирдей тартип орномоюн мындай көрүнүштөр кайталана берет да.
Nurdana Begim, profile picture
Nurdana Begim
Жеке көзөмөлгө алсанар дагы эми аны кайрып келе албайсынар. Алдын алуу керек болчу. Шалаакылык. Жеткен кайдыгерлик
Шайырбек Таиров, profile picture
Шайырбек Таиров
Улукбек Марипов дагы жеке көзөмөлүмө алам деди, ошону кимиңер жеке көзөмөлгө аласыңар, чечишип алсаңар.
Айзада Торобаевна Мамбетова, profile picture
Айзада Торобаевна Мамбетова
МВД менен УКМКнын жетекчилерин жумуштан алыныз . Катардагы милиционерлерди жумуштан алган менен пайда жок да .
Элмурат Кочкор Уулу, profile picture
Элмурат Кочкор Уулу
Садыр Нуркожоевич, мындай окуяларды жаза менен азайтуу же тыюу мүмкүн боло бербешин сезип турсаңыз керек. Андыктан, качан бирөө өлүп трагедия башталганда эмес, жайчылыкта да бул маселеге көп көңүл бурсаңыз, мурдагы президенттерден айырмаланып. Мисалы, бала тарбиясы, үй-бүлөлүк бакубат, кыргыз коомунда аял, үй-бүлөлүк таалим тарбия сыяктуу китептерди бастырууга, иш-чараларды өткөрүүгө мамлекеттен чоң көмөк берсеңиз. Мунсуз азайбайт да мындай окуялар. Учурда китеп жазып, мына ушуга окшогон окуялардын алдын алууга бел байлаган, билимдүү, оозунда кеби барлар тилемчи эле болоюн деп калды окшойт... Мен жакында китеп чыгарайын (диний агартуу жаатында) деп сураштырсам, 6 000 000дон ашуун калкы бар Кыргызстанда китептер 500-1000 даананын ортосунда чыгат экен... Анысы деле сатылбай кыйнайт дешти, 200 эле даана бастыр деп көңүлдү түшүрүп. Так ошол себептүү коомдук агартуу жаатындагы иш-чаралар алгылыктуу илгерилебей жатканын сезесиз деп ойлойм. Балким окуйсуз бул оюмду, балким жок. Мен деле кайдыгер эмес бир жаран катары, элдин , тарыхтын, Кудайдын алдында жүзүм жарык болсун деп, билгенимди бөлүштүм. Ийгилик болсун!
Айнагул Жумалиева, profile picture
Айнагул Жумалиева
Садыр мырза,тушунуп турабыз ,азыр ото оор мезгил.Куну-туну иштеп жатасыздар.Бирок тартипти,шалаакылыкты козомолго алуу керек
Bakysh Tolubaev, profile picture
Bakysh Tolubaev
Министрлер сизди жаман корсотуп жатат
Адилет Сартов, profile picture
Адилет Сартов
Президент ушундай болуш керек арбир нерсеге козомол кылып, бар болунуз.
Ayturgan Kamchybekova, profile picture
Ayturgan Kamchybekova
Калп эле олкого куйгон болуп очпос отту очургон баланы 2 саата таап чон кылмышкер кылып тилдединер эле! А кызды ала качканын баары корсода ун катпай олгондон сон конул айтуунун кажети канча!? Тируусундо сыйы жоктун олгон сон ыйы жок дейт. Башында аракет кылбай ээми кайгырган болуп корсотконунор туура эмес!
Айзирек Маманова, profile picture
Айзирек Маманова
Мурдакы жеп тоногон сот, шалаакы иштеген органдагылар бут тазаланыш керек
Айжаркын Жапарова, profile picture
Айжаркын Жапарова
Дагы деле ала кача беришет,бул жерде тартипти көзөмөлдөө керек, милицияны текшерүүгө алыңыз,бардык кылмыштар укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан болуп жатат,а кылмышкерлер иштерин уланта беришет ....
Сиз катуу тартип орнотсонуз кылмыш да азаят, көңүл айтып, кылмышкерлер кылмышын кылып бүткөндөн кийин жазаланат деп отура бербей!
Nargiz Baigabylova, profile picture
Nargiz Baigabylova
Аягына чейин козомолго алып э,эн биринчи кезекте шалаакылык кылган укук коргоо органдарына чара корунуз.
Чынара Сатыбалдиева, profile picture
Чынара Сатыбалдиева
Эң башкы кылмышкер өлүп алганбы ошондо?
Damira  Arstanova, profile picture
Damira Arstanova
Никени мыйзамдаштырууну колго алуу керек. Молдонун кыйган никесинен мурун эки жаш мыйзамдуу түрдө никеге турушу шарт. Учурда үй-бүлөсүнө билгизбей үйлөнүп, балдарды ара жолго таштаган эркектер көбөйүүдө. Ажырашкан үй-бүлөдө чоңойгон балдардын психикасы да жабыркап жатат. Зөөкүр балдар, кордолгон кыздар да дал ушундай үй-бүлөдөн көп чыгат
Атыргул Касымбаева, profile picture
Атыргул Касымбаева
Жаштардын билимсиздиги маңкуртчулугу азыркы күндүн чоң проблемасы мындай көрүнүштөгү кыз ала качуу көпчүлүк региондордо болуп эле жатат
Карабаева Айсалкын, profile picture
Карабаева Айсалкын
Зөөкүрлөр жазасын алыш керек!!!
Равшан Шералиев, profile picture
Равшан Шералиев
Мындай зоокурлорго олум жазасын киргизмейин кайталана берет,андай кылса адам укугу тебеленип жатат деп адам олтургон зоокурлорду олконун тынчтыгын ойлобогон бузукулар коргоп чыгат
Rimma Alim, profile picture
Rimma Alim
Укук коргоо органдары, адатынча ыкчам издоо салган эмес!Эгерде тез арада артынан тушкондо,мындай абалга келмек эмес! Шалаакылык болгон!Темирдей тартип жок!
Umar Myrza, profile picture
Umar Myrza
Садыр Жапаров Урматтуу президент! Мындай кайрылууңуз коом тарабынан кабыл алынбайт.Бул кылмышка тиешеси бар досторун да жазалап,ички иштер министирин кызматтан алмайын сиздин актанганыңыз коомчулук үчүн ак барактан ыр окугандай эле кабыл алынат.Уурдалгандан 2 күн өтсө да ага издөө жарыяланбаганы бул күч кызматтарынын кайдигерлиги.Кыргызстандын ар
бир жараанынын укугунун корголуусу,коопсуздугу сиздин мойнуңузда.
Altunay  Temirova, profile picture
Altunay Temirova
Адам уурдоо эң оор кылмыш, бардык өлкөдө!!!