Камчыбек Ташиев: "Баатыр Энелеримди сыйлоо салтанатын эми балдарым улантат..." - ФОТО
Бүгүн, 8-март күнү, Камчыбек Ташиев тарабынан дээрлик 30 жылдан бери салтка айланган "Баатыр Энелерди сыйлоо" аземи өткөрүлдү. Жалал-Абад шаарында уюштурулган майрамдык иш-чарага миңден ашык Баатыр Энелер катышып, сыйланды.
"Урматтуу Баатыр энелерим, сиздерди биз ар джайым башыбызга бийик көтөрүп сыйлоого милдеттүүбүз. Дээрлик 30 жылдан бери Сиздерди 8-март күнү бир аз болсо да маанайыңыздарды көтөрүп, ак батааңыздарды алууга аракет кылып келдим. Эми бул саамалыкты келээрки жылдан баштап менин уулдарым улантат. Балдарым дагы энелерди сыйлаганды, апаларга урмат сый көрсөткөндү үйрөндү деп ойлоймун. Балдарымдын балдары дагы күнү келгенде бул салтты улантып кетсин. Түбөлүктүү болуп, Баатыр Энелерди сыйлоо салты улансын. Ак батаңыздарды бериңиздер..." - деди Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып.
Майрамдык иш-чара дүйнөдөн көзү өткөн жалпы энелерге, Баатыр Энелерге Куран окуу менен менен башталды.
Салтанатка белгилүү өнөр адамдары да катышып, апаларга ыр белектерин тартуулашты.
Камчыбекке, ак, батамды, беремин,
коз, жаздымда, калтырбай,
баардык, областагы, энелерди, сыйлап, журсо, дегеним.
бар, болунуз, ишинизге, ийгилик, каалайм.













