Wil je je aanmelden of registreren bij Facebook?
Wil je je aanmelden of registreren bij Facebook?
2020-жылдын 8-сентябрь күнүютуб каналдарынын биринде «КҮЙӨСҮНӨН ТОКМОК ЖЕП, АДИЛЕТТИК ИЗДЕГЕН КЕЛИН БАЛДАРЫНАН АЖЫРАДЫ/СОТТОР АКЧАГА КУЛ ЭКЕН» деген аталышта жарым сааттык видео жарыяланып, анда жабырлануучу тарап сотко нааразы экендигин билдиришкен. Видеону көргөн каналдын көрүүчүлөрү окуяны кызуу талкуулап, иш боюнча төрагалык кылган судьяны сөккүгө алышып, аны менен бирге жалпы сот бийлигине карата негативдүү билдирүүлөрдү калтырып кетишкен.
Иш боюнча Ош областтык сотунун басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикаснын Жоруктар жөнүндөгү Кодексинин 66-ст. 2-б. жана 75-ст. менен айыпталган Б.А.Д.нын (ден соолукка жеңил зыян келтирүү, үй-бүлөдөгү зомбулук) жорук иши 2020-жылдын 4-август күнү Кара-Кулжа райондук сотунун өндүрүшүнө келип түшкөн. Иш боюнча 2020-жылдын 4-сентябрь күнү Кара-Кулжа райондук соту айыпталуучу Б.А.Д.ны угузулган айыптары боюнча күнөөлү деп табып, ал боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн эң жогорку жазаны – ар бири боюнча 60 сааттан (жалпы 120 саат) коомдук жумуштарга тартылып, өкүмдү аткаруу Кара-Кулжа району боюнча пробация кызматына жуктөлгөн. Айыпталуучунун күнөөсү жабырлануучунун берген көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жана Б.А.нын күнөөсүн өзү мойнуна алып берген көрсөтмөлөрү менен толук далилденген.
Ал эми жабырлануучу Ч.А.га никени ажыратуу, балдарын өзүнүн карамагына алуу жана үй-мүлкүн бөлүштүрүү иштери жарандык тартипте карала тургандыгын, доогердин арызы боюнча гана соттук отурумдардын башталарын билдиребиз. Бүгүнкү күндө Кара-Кулжа райондук сотуна мындай доо арыздар келип түшкөн эмес.
Жогорудагыдай жагдайлардын кайталанбоосу үчүн массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин, жеке блоггерлерди маалыматты жарыялоодон мурун тиешелүү кызматтардан тактап турууңуздарды өтүнөбүз.
Ош областтык басма сөз кызматы