Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Садыр Нуркожоевич!
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын “Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун” атынан биздин институттун жана анын кызматкерлеринин келечеги үчүн терең тынчсыздануу сезими менен Сизге кайрылабыз.
Учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасына, коомубуздун бардык тармактарына, анын ичинде илимге жана билимге тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Бул өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга болгон жакшы ниеттен жана коомдун турмушундагы илимий изилдөөлөрдүн маанисинен улам келип чыкканын түшүнөбүз.
Мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу кыргыз илиминин тагдыры тууралуу кадырлуу окумуштууларыбыз, кесиптештерибиз айтып беришет деп ишенебиз. Биз Э.Гареев ат.Ботаникалык бактын келечеги боюнча маселени көтөргүбүз келет.
2021-жылдын ноябрь айында Ботаникалык бакка ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча тапшырма бар экени тууралуу маалымат алдык жана андан кийин КР ӨКМ менен Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жетекчилери жардам берүү ниети менен биздин институтка келишти. Мына ушуга байланыштуу, биз конкреттүү сандагы жумушчуларды жана атайын техниканы тартуу менен зарыл иштердин деталдуу планын түзүп бердик.
Андан соң, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунан кат келип түштү (№ 01-2110/907 24.11.2021). Анда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы менен жолугушуунун жыйынтыгынын негизинде 26.10.2021-жылдагы № 27-28 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактарды (М. Горький көч., 212 жана Ахунбаева көч., 1А/2) ачуу маселесин, алардын аймактарын рекреация зоналар катары уюштуруу менен башкы пландарын иштеп чыгуу» (документке шилтеме) тапшырмасы берилген. Белгилей кетишибиз керек – КР УИАнын жетекчилиги же өкүлдөрүнүн катыштыгы жок жогоруда көрсөтүлгөндөй тапшырма берилет.
Биз бул катка жооп берип, анда Э.Гареев ат. Ботаникалык бак илим-изилдөө институту эмне экенин, анын максаты кандай, изилдөө максаттарын кеңири түшүндүрүп, акыркы төрт жылдагы иш-чаралардын жыйынтыгы менен тааныштырдык.
Биздин жообубуздан кийин, 2022-жылдын январь айында бизге Бишкек шаардык мэриясынын 2022-жылдын 8-январындагы жыйынында каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси А.У.Жапаров тарабынан бекитилген иш-чаралар планы сунушталды. План боюнча 6-пунктта эки Ботаникалык бактарды Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүү сунуштарын киргизүү зарылчылыгы жөнүндө жазылган. Мөөнөтү 2022-жылдын 15-февралына чейин көрсөтүлгөн.
2022-жылдын 20-январында Ботаникалык бактын абалы менен таанышуу үчүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов келди. Институттун жамааты менен болгон жолугушууда ага дуйнөлук ботаникалык бактардын жана анын ичинде Э.Гареев ат. Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун ролу жана ишмердиги жөнундө маалымат берилди.
Жыйындын соңунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Байсалов Ботаникалык бактын “илимий мекеме статусу сакталып, анын аймактары рекреациялык максатта пайдаланууга өткөрүлбөйт” деп ишендирди.
Бир нече күндөн кийин Ботаникалык бакка Министрлер кабинетинин төрагасы А.У.Жапаров, Бишкек шаарынын мэри жана вице-мэрлердин коштоосунда өзү келди.
Ал кызматкерлердин илимий ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери, көйгөйлөрү, Ботаникалык бакты реконструкциялоонун, мындан аркы пландары жана долбоорлору менен кеңири таанышкандан кийин, долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча шаар мэри А.Жунушалиевге оозеки тапшырма берди. Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай эске алынган жок – Ботаникалык бак мамлекеттик мааниге ээ жана республикалык бюджеттен каржыланат, атайын мыйзамдар менен коргоого алынган.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич!
Биз Сизге дүйнөлүк биология илиминдеги ботаникалык бактардын орду жана бул процесске биздин институт канчалык деңгээлде дал келээри тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.
Учурда дүйнөдө 2200дөн ашык ботаникалык бактар бар. 1987-жылы Жаратылышты коргоо боюнча Эл аралык союздун (IUCN) курамына кирген Ботаникалык бактарды коргоо кеңешинин Катчылыгы (BGCS) ботаникалык бактардын бүткүл дүйнөлүк тармагын түзүү жана алардын ишмердүүлүгүн колдоочу долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иштерди баштаган.
1989-жылы Ботаникалык бактарды сактоо Стратегиясы жарыяланып, бир жылдан кийин BGCS көз карандысыз уюм болуп, кийинчерээк Ботаникалык бактарды сактоо боюнча “Эл аралык кеңеши (BGCI)” статусун алган.
Ошол эле жылы BGCI ботаникалык бактын жаңы аныктамасын сунуштаган: "Ботаникалык бактар - бул илимий-изилдөө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, көрсөтүү жана билим берүү максатында колдонулган тирүү өсүмдүктөрдүн документалдык коллекциялары бар уюмдар" деп жарыяланган.
КР УИА Э.Гареев ат. Ботаникалык бак илимий-изилдөө институту 2010-жылдан бери BGCI мүчөсү болуп саналат жана бул Эл аралык уюмдун ботаникалык бактардын алдына койгон талаптарына толук жооп берет. Мисалы:
- Э.Гареев ат. Ботаникалык бактын коллекциясында өсүмдүктөрүнүн 6 миңге жакын түрү, формалары жана сорттору бар, анын ичинде КР аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик тизмесине кирген, Ботаникалык бак тарабынан селекциянын негизинде алынган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору (өрүк-18, алма-13) бар;
- Эл аралык урук алмашуу тармагынын (IPEN) мүчөсү катары биз дүйнөнүн 45 өлкөсүнүн 224 ботаникалык бактары менен үзгүлтүксүз кызматташып турабыз;
- 2018-жылдан бери Миссури Ботаникалык бактын (АКШ) колдоосу менен жергиликтүү флоранын түрлөрүнүн үрөөндөрүн узак мөөнөткө сактоо боюнча долбоорду ишке ашырып келе жатабыз;
- үзгүлтүксүз негизде ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери үчүн окуу-өндүрүштүк практикалар, каалоочулар үчүн лекциялар жана экскурсиялар өткөрүлөт;
- токой чарба ишканаларынын, парктардын жана коруктардын кызматкерлери үчүн 2020-жылдан бери окуу илимий-практикалык семинарлар биздин базада жана жер-жерлерге баруу менен өткөрүлүүдө;
- жыл сайын эл аралык илимий конференциялар өткөрүлүп, дыйкан-фермерлерге практикалык сунуштар берилип, жаратылышты сүйүүчүлөргө лекциялар окулуп, консультациялар, эксперттик корутундулар берилип турат;
- көп жылдык изилдөөлөрдүн негизинде Бишкектин жашыл мейкиндигинде өсүмдүктөрдүн 270тен ашык түрү жана формалары сунушталып берилип жатат;
- дендрарий-коруктун аймагында, шаардын борборунда 14,5 га аянтта, биздин өлкө үчүн сейрек кездешүүчү көп жылдык өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн коллекциясы түзүлүп, сакталып калган. Бул ар кандай канаттуулардын түрлөрүн өзүнө тартып турган уникалдуу микроклиматты сактоого мүмкүндүк берет. Анын ичинде Кызыл китепке кирген канаттуулар дагы кездешет.
Э.Гареев ат. Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун 2018-2022-жылдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө толук отчетун биз жеке Сизге сунуш кылууга даярбыз.
Жыйынтыктап айтканда, Ботаникалык бактын бүгүнкү күндөгу кейиштүү абалда болгонуна анын кызматкерлеринин күнөөсү жок экенин белгилегибиз келет. Тескерисинче, илимий-чарбалык иштерди каржылоонун жоктугунан, мурда жоголуп кеткен айрым позицияларын сактап калууга жетиштик жана жарым-жартылай калыбына келтире баштадык.
Бул негизинен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын администрациясынын жана биздин кесиптештерибиздин, башка өлкөлөрдүн окумуштууларынын колдоосунун натыйжасында мүмкүн болду.
Э.Гареев ат. Ботаникалык бак азыркы учурда мамлекеттик масштабдагы илимий мекеме статусун жогото турган болсо, анда Кыргызстан өлкөдөгү жалгыз Ботаникалык бактан ажырайт жана дүйнөлүк ботаникалык бактардын эл аралык уюмунун тизмесинен четтетилет.
Урматтуу Президент!
Сиз бул кызматтагы ишмердүүлүгүңүздү Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө Жарлык менен баштап, андан кийин БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциясынын алкагында бир катар иш кагаздарга кол койдуңуз. Сиздин демилгеңиздин негизинде 2022-жыл тоо экосистемаларын жана климаттын туруктуулугун сактоо урааны астында өтүп жатат.
Э.Гареев ат. Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун ишмердиги Сиздин бардык демилгелериңизге дал келет.
Ботаникалык бак бир топ климаттык долбоорлорду, программаларды ишке ашырууга аянт болуп бере алат жана азыркы мезгилдеги климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкталган жашылдандыруунун жана багбанчылыктын көйгөйлөрүн чечүүгө жаңы жолдорун сунуштап киргизүүгө даяр.
Белгилеген маселелер Кыргызстан кабыл алган Улуттук программалардын жана экологиялык милдеттенмелердин деңгээлинде ишке ашыруу мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Республикалык масштабдагы илимий мекеме катары Ботаникалык бактын статусун сактап, аны калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча чечим табууга биздин жамаат менен кездешүүңүздү суранабыз.
Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев ат. Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун жамааты.
Ачык кат Кыргыз улуттук илимдер академиясына караштуу Э.Гареев ат. Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун Кесиптик кошунунун жалпы жыйынында талкууланып, кабыл алынды (протокол № 1, 09.02.2022)
ОБРАЩЕНИЕ
Президенту Кыргызской Республики
Жапарову С.Н.
Уважаемый Садыр Нуркожоевич!
Мы, сотрудники Научно-исследовательского института «Ботанический сад им. Э. Гареева» Национальной академии наук Кыргызской Республики, обращаемся к Вам с чувством глубокой тревоги за будущее нашего института и его сотрудников.
В настоящее время вносятся изменения в нормативно-правовую базу КР, затрагивающие все сферы деятельности нашего общества, в том числе науку и образование. Мы понимаем, что эти изменения продиктованы добрыми намерениями о повышении качества образования в КР и значимости научных исследований в жизни общества. В ноябре 2021 года мы услышали, что было распоряжение об оказании посильной помощи Ботаническому саду, после чего наш институт посетили руководители МЧС и МПРЭТН КР с намерениями оказать ему помощь. Мы составили подробный план необходимых работ с привлечением рабочих и спецтехники.
Затем было получено письмо из президиума НАН КР (№01-2110/907 от 24.11.2021) с приложением протокола совещания у председателя Кабинета министров КР от 26.10.2021 № 27-28, с поручением Госагентству строительства , архитектуры и ЖКХ при кабмине КР: «Совместно с МЧС КР, НАН КР проработать вопрос открытия ботанических садов им.Э.З.Гареева (по ул. М. Горького, 212 и Ахунбаева, 1А/2) для организации рекреационных зон с разработкой их генеральных планов» (цитата).
На это письмо мы дали ответ, в котором подробно объяснили, что представляет собой НИИ Ботанический сад, каково его назначение, цели исследований и представили результаты деятельности за последние четыре года.
После этого, в январе 2022 года, нам представили план мероприятий по итогам рассмотренных вопросов на Совете мэрии Бишкека (8 января 2022 года), утвержденный председателем Кабинета министров КР, руководителем администрации президента КР А. Жапаровым, где в пункте 6 говорится о необходимости дать предложения о передаче 2-х Ботанических садов в ведение мэрии Бишкека. Срок - до 15 февраля 2022 г.
Ознакомиться с ситуацией в Ботаническом саду 20.01.2022 приезжал заместитель председателя Кабинета министров Э. Байсалов. На встрече с коллективом института ему была представлена информация о роли и деятельности мировых ботанических садов и, в частности, НИИ БС им. Э.Гареева НАН КР. Э. Байсалов заверил нас, что за Ботаническим садом сохранится статус научного учреждения, и его территории не будут перепрофилироваться для рекреационных целей.
Спустя несколько дней Ботанический сад посетили: лично председатель Кабинета министров А. Жапаров, мэр и вице-мэры. А. Жапаров ознакомился с достижениями научной деятельности сотрудников, проблемами, дальнейшими планами и проектами по реконструкции Ботанического сада и дал устное распоряжение мэру А. Джунушалиеву подготовить ПСД.
Уважаемый Садыр Нуркожоевич!
Мы хотим довести до Вас лично информацию о роли ботанических садов в мировой биологической науке и о том, как вписан в этот процесс наш институт.
В настоящее время в мире насчитывается более 2200 ботанических садов. В 1987 году секретариат совета ботанических садов по охране растений (BGCS), входящий в состав Международного союза охраны природы (IUCN), начал работу по созданию всемирной сети ботанических садов и разработке проектов, поддерживающих их деятельность.
В 1989 г. была опубликована Стратегия ботанических садов по охране растений, а год спустя BGCS получил статус самостоятельной организации, впоследствии известной как Международный совет ботанических садов по охране растений (BGCI). В этом же году BGCI предложил новое определение ботанического сада: «Ботаническими садами являются организации, имеющие документальные коллекции живых растений, использующие их для научных исследований, сохранения биоразнообразия, демонстрации и образовательных целей».
НИИ БС им. Э. Гареева НАН КР является членом BGCI с 2010 г. и в полной мере соответствует требованиям этой международной организации к ботаническим садам:
- коллекция НИИ БС им. Э. Гареева - крупнейшая в Центральной Азии и насчитывает около 6000 видов, форм и сортов растений, в том числе сорта плодовых культур селекции Ботанического сада (сливы-18, яблони-13), включенных в Государственный реестр и допущенных к использованию на территории КР;
- являясь членами международной сети обмена растениями (IPEN), мы ведём регулярный обмен семенами с 224 ботаническими садами из 45 стран мира;
- с 2018 года при поддержке Миссурийского ботанического сада (США) нами запущен проект по долгосрочному хранению семян видов местной флоры;
- на регулярной основе проводятся учебно-производственные практики студентов вузов и колледжей, лекции-экскурсии для всех желающих;
- для сотрудников лесхозов, парков и заповедников с 2020 года практикуются обучающие научно-практические семинары, в том числе с выездом на места;
- ежегодно проводятся международные научные конференции, выпускаются практические рекомендации для фермеров, читаются лекции для любителей природы, даются консультации и экспертные заключения;
- благодаря многолетним исследованиям, в зелёных насаждениях Бишкека присутствуют более 270 видов и форм растений;
- в дендрарии-заповеднике, на площади 14,5 га, в центре столицы, создана и сохранена коллекция редких для нашей страны видов древесных растений, что позволяет поддерживать уникальный микроклимат, привлекающий различные, в том числе краснокнижные, виды птиц.
Полный отчёт о деятельности НИИ БС им. Э. Гареева НАН КР за 2018-2022 гг. мы готовы представить Вам лично.
Ботанический сад сегодня находится в плачевном состоянии не по вине его сотрудников. Напротив, при отсутствии финансирования научной и хозяйственной работы мы сумели сохранить и частично начали восстанавливать некоторые ранее потерянные позиции. Это стало возможным во многом благодаря поддержке администрации Национальной академии наук КР и наших коллег - учёных из других стран.
В случае, если НИИ БС им. Э. Гареева лишится статуса научного учреждения государственного масштаба, Кыргызстан потеряет единственный в стране Ботанический сад.
Господин Президент!
Вы начали свою деятельность на этом посту с Указа о мерах по обеспечению экологической безопасности и климатической устойчивости Кыргызской Республики, затем подписали ряд документов в рамках конвенции ООН об изменении климата. Благодаря Вашей инициативе 2022 год проходит под лозунгом сохранения горных экосистем и климатической устойчивости. Деятельность НИИ БС органически вписывается во все Ваши инициативы.
На базе Ботанического сада могут быть реализованы климатические проекты и программы, а его территория может стать площадкой для демонстрации и внедрения новых подходов в решении проблем озеленения и садоводства в условиях меняющегося климата.
Все это возможно реализовать на уровне национальных программ и экологических обязательств, стороной которых является Кыргызстан.
Просим Вас сохранить и укрепить статус Ботанического сада как научного учреждения национального масштаба, а также посетить наш институт для поиска и принятия оптимального решения по его восстановлению и развитию.
С уважением, коллектив Научно-исследовательского института «Ботанический сад им. Э. Гареева» Национальной академии наук Кыргызской Республики.
Обращение было обсуждено и принято на заседании членов профсоюзного комитета Научно-исследовательского института Ботанический сад им.Э.Гареева Национальной академии наук Кыргызской Республики (протокол №1, 09.02.2022).
09.02.22
Мы охватываем такие направления как — зеленая экономика, климатическая политика...















