Бакыт Торобаев / Bakyt Torobaev, profile picture
Бакыт Торобаев / Bakyt Torobaev is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met Бакыт Торобаев / Bakyt Torobaev.
Бакыт Торобаев / Bakyt Torobaev, profile picture
Бакыт Торобаев / Bakyt Torobaev is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met Бакыт Торобаев / Bakyt Torobaev.
Бакыт Торобаев / Bakyt Torobaev, profile picture

Көп адамдар "Өнүгүү-Прогресс" партиясы бул шайлоого барбай калды, өзүңүз жеке башка партия менен барасызбы деп сурап жатышат, ушул суроого өзүм жооп берип коюууну туура көрдүм. Эгерде артка кылчайып карасак, 25 жылдан бери шайлоолорго катышып жүрдүм. Биринчи шайлоолордо атам Эргеш Төрөбаевичтин атынан бирден шайлоо участкаларында жооптуу болдум, андан соң айыл өкмөт, кийин шайлоо боюнча штабды жетектедим. Такшалгандан кийин өзүм жаңы саясий партияны түптөп, жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке жана Президенттик шайлоолорго катыштым. 1995-жылдардагы шайлоочунун көз карашы бүгүнкү күнгө чейин кандай өзгөргөндүгүнө өзүм күбө болдум.

Алдыдагы шайлоо боюнча.
Чындыгын айтканда, учурдагы пандемияга байланыштуу мен парламенттик шайлоого сарптала турган акча каражатты элге, медицина жана билим берүү тармактарына, жеке ишкерлерди өстүрүү жана өсүп келе жаткан жаш уул-кыздардын аң-сезимин жакшы жака өзгөртүү боюнча иш чараларга жумшайын деп чечтим. Чындыгында бул шайлоодо акча каражаттын атаандаштыгы болот, акча каражат көп кетет. Бүгүнкү күндө шайлоочунун көз карашында программа, идея жөнүндө эмес, ким канча берет экен деген суроону көп берип жатышат. Ал эми жалган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш. Жогорку Кеңештин VII-чакырылыштагы парламентти реформа жасаган, өзгөртүү кылган парламент болооруна менин көзүм жетпейт. Ошол себептен 5 жылдын аралыгында кийинки парламенттик шайлоого, биз шайлоочунун оюн, ой жүгүртүүсүн, мамлекетке болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүү боюнча иштерди алып барабыз. Ошондуктан, бул шайлоого мен жеке өзүм катышпайм. Элди алдап парламентке келүү менин мүнөзүмө туура келбейт.

Бирок, биз саясий процесстерде өз үнүбүздү угузганга, өкмөттүн, бийликтин кылган иштерине жардам берип, туура эмес болгон жерде сын айтып, ошону менен иш алып барабыз.
Жалпы биздин тарапташтарга, жалпы жарандарыбызга терең ыраазычылык билдирем!

Geen fotobeschrijving beschikbaar.
Улан Макелеев, profile picture
Улан Макелеев
Туптуура чечим
Талант. Масиров, profile picture
Талант. Масиров
Колдойм тура чечим. Башкалар дагын ошентип кетип калса. Уялбан дагын келип жатышат Кыргызстан башкача болот. Андай мындай кылабыз деп. Уялбай айтып.
Эркин Казаков, profile picture
Эркин Казаков
Бакыт Эргешевич ээн тура чечим,утуп чыкан партия деле копко узабайт,узаган кундо да элдин нааразычылыгы кучой берет.Баш мыйзамды озгортуш керек,окурук бойунча бир мандатуу системаны апкелиш керек.Ошондо элдик депутат келет ошондо элибиздин нааразычылыгы токтойт.
Ырысбек Искендеров, profile picture
Ырысбек Искендеров
Туура эле кылыптырсын 30 жылда кыйратпаган жеп жутарлар эми кыйратмак белен.
Айбек Айылчиев, profile picture
Айбек Айылчиев
Котун бок Сенин бакыт биринчи Берген убаданды эстеп койчу сен. Эркек эмессин сен саясий сойкусун
Айбек Айылчиев, profile picture
Айбек Айылчиев
500 швейных машин 500 тракторов 500 комбайнов деген ушул беле
Арстан Азимов, profile picture
Арстан Азимов
Заманды туура багытка алып барат окшойт?
Замира Ибраева, profile picture
Замира Ибраева
Эн туура чечим
Замира Ибраева, profile picture
Замира Ибраева
Эн туура чечип,
колунан эч нерсе келбеген,оозуна талкан толтуруп отурган 3-4депутаттан башкалары да туура чечим чыгарышса соонун болмок,баары бир эл аларды шайлабайт деп ойлойм
Jon Snow, profile picture
Jon Snow
500 трактордон дайын жок го 😂
Турсунай Жумабаева, profile picture
Турсунай Жумабаева
Аман бол ишине ийгилилик туура чечим азаматсын Бакыт
Jeenbekovich Saparbek, profile picture
Jeenbekovich Saparbek
Партиясы отпошун билди. Мекеним Кыргызстандан списокко раазы болбоду. Мумкун экинчи же учунчу ондуктан берип койгон. Башка партиялар кошпой койгондур. Озу адам кылган Мирлан Бакиров кидать этип атса анан кантип шайлоого бармак. Бабановдун партиясы отуп калса балким премьер министр кылышаар деген умуту бардыр
Жанарбек Сыдыков, profile picture
Жанарбек Сыдыков
Мурунку шайлоодо мен силерди аябай сагындым деп келдин эле ноокенге ,бирок 5 жыл ичинде боктун ишин кылбадын
Тасмабек Толонов, profile picture
Тасмабек Толонов
Саясатчы да канткенде да, ар кандай амалдарды ойлоп табышат. Бул кетиши негизи туура элди алдай берип уялганынан уяты бардыгынан кетет. Башкаларычы уялбай ар кыл методторду ойлоп таап элди башын айлантып конституцияны озгортуп, революция кылып, акчалууларды парламентке тартып элди акчага сатып алып, 30 жылдан бери мен кыйратам деп журушот. Олконун даремети канчалык экени ковидтен билиндиго, бир айга туруштук бере албайт экен. Бийлик эси ооп эч нерсе кыла албай атканда, кыргыз эли озу коп аракет кылышты. Тышкы карыз болсо кобоюп баратат. Кыскасы Д.Садырбаев айткандай шордуу элбизда.
Макс Абдижалилов, profile picture
Макс Абдижалилов
акела промахнулся 🤷‍♂️
Маркилен Исакунов, profile picture
Маркилен Исакунов
Сардар .туура кеп салдын.
Садыбакас Жолдошов, profile picture
Садыбакас Жолдошов
Бакыт мыкты жигит, элге кызмат кылды.Бул жигитти сындап жаткандардын кээ бирлери элге эмес, озун аран баккандар
Шамшиев Абдимажит, profile picture
Шамшиев Абдимажит
Эн туура чечим. Бакыт ийгилик каалайм. Аман бол.
Altyn Saliev, profile picture
Altyn Saliev
Туура чечим болуптур. Эми сиз айткандай 5 жыл элге аралашып,жардам берип каралашып журсонуз, кийнки шайлоодо башты бийик которуп барас.
Аида Сартбаева, profile picture
Аида Сартбаева
Болотбек Ниязалиев, profile picture
Болотбек Ниязалиев
бул жолу шайлоого барбайм деп алып кайра Мекеним Кыргызстан партиясы менен шайлоого бара турган болгонун кандай тушунсо болот
Sanjar Cholponkulov, profile picture
Sanjar Cholponkulov
туура кыласыңар эми эстафета кылып калган кесиптештерине узатып чогуу чаран жетелешкен бойунча кетип калсаңар сонун болмок
Алик Чолпонов, profile picture
Алик Чолпонов
Джалалабад уже не рулит
Нурбек Нурбек, profile picture
Нурбек Нурбек
Жалганы тугонуп калды бунун же эл шайлабашын билди
Kairat Sharip, profile picture
Kairat Sharip
28-жылдан бери Ата-Бабаларынар менен эле депутат болуп келе жатасынар бир онолуп онуккон жокго мекенибиз, кара-пайым эл озун кандай багып келе жатса ошондой бойдон эле багып журот силер шакалдар Атанардан Баланар анан неверенерге креслонорду откоруп журо берет экенсинер🙄 Орун алмашса сумма озгорбойт дегендей ошо Эргеш атаныз депутат болду сиз депутат болдунуз эмне озгорду деги?
Эрнис Мамазаирович Мамазаирович, profile picture
Эрнис Мамазаирович Мамазаирович
Өкмөт болоюн десеңиз эле?
Асылбек Жаанбаев, profile picture
Асылбек Жаанбаев
Сени эч ким шайламак эмес,ошондон корктуң! Ар шайлоодо, трактор алып бере-берип,элди жалкытып койдуң. Дагы алдайын дедиң,элден корктуң.
-Трактор кана,500 орундук ишканаң кана, деген суроого жооп бериштен качтың! Сулуу чымчык болбой эле кете берсең, кетсең! Кошоматчы, аферист!!!
Sardarbek Mendebaev, profile picture
Sardarbek Mendebaev
Ырас эле болду, парламент дагы бир саясатчыдан арылды!

Бакыт Төрөбаев, сиз айткан ой пикир менин оюмча туура эмес! Эл акчасына карап шайлайын деген жок, болгону элдин купулуна толо турган, лидерлик сапатка ээ, өзү менен кошо алдыга сүйрөй турган кандидат чыкпагандыктан баштары айланып турат. Акча менен шайлаганда эмне кабинанын ичинен карап турабы, каалаганына берет да. 30 жылдык тажрыйбабызда бир гана Бакиевке ишенген жалпы элибиз, бирок тилекке каршы ал да үмүттү актай алган жок.
Сиз деле 5 жыл парламентте отуруңуз, бирок кылчактап, сүрмө топ менен ээрчишип кетип баратасыз! Бул факт! Сиз 5 жыл ичинде, жол тармагында желип жаткан миллиондорду токтото албасаңыз да ошого каршы турууңузга ким каршы болду? Болбосо балчыкта жаткан мамлекеттик машинаны реформалоого чакырыктарды кылууңузга эмне тоскоол болду?
Аны сиз эч качан кыла албайсыз, себеби артыңызда балким кандайдыр бир таза эмес иштер же бизнесиңиз бар, же болбосо акыл парасатыңыз жетпейт!

Менимче пандемияны шылтоолоп актанууңуз орунсуз деп эсептейм.
Кубат Жумалиев, profile picture
Кубат Жумалиев
Туура чечим. Бирок башка 119 кесиптешинизге дагы ушул чечимге баргыла деп сунуш берсеңиз жакшы болмок.
Gerelateerde pagina's
18 d. vindt dit leuk
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
23 d. vindt dit leuk
Официальная страница Улукбека Кочкорова
21 d. vindt dit leuk
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий баракчасы

Официальная страница Кабинета...
Meer weergeven