Ош шаарында пневмония жана COVID-19 менен ооругандардын медициналык таштандыларын чыгаруу үчүн атайын таштанды контейнерлери орнотулду
Ош шаарынын мэриясынын атайын протоколдук тапшырмасына ылайык, "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы пневмония жана COVID-19 менен ооругандар үчүн ачылган обсервациялардан жана башка саламаттыкты сактоо мекемелеринен медициналык жана башка кооптуу таштандыларды санитардык эрежелердин негизинде жок кылуу үчүн таштанды полигонунда атайын чуңкурларды
каздырып даярдады.
COVID-19 оорусу менен ооруп, үй шартында даарыланып жаткан тургундардын үйлөрүнөн чыгарылган медициналык жана кооптуу таштандылар үчүн атайын таштанды контейнерлери төмөнкү даректерге коюлду:
1. Кулатов 14-үйдүн жанында;
2. Айтиев 13-үйдүн жанында;
3. Семетей кино театрынын жанында (ХБК);
4. Карл Маркс атындагы мектептин жанында.
________________________________________
В Оше установлены специальные мусорные контейнеры для утилизации медицинских отходов от больных пневмонией и COVID-19
Согласно протокольного поручения мэрии города Ош СМП «Ош-Тазалык» возле муниципальных территориальных управлений города (МТУ) установило специальные мусорные контейнеры для утилизации опасных медицинских отходов от пациентов с внебольничной пневмонией и COVID-19, которые в соответствии с санитарными правилами лечатся дома.
Специальные мусорные контейнеры установлены по адресам:
- возле дома №14 в мкр.Кулатов;
- возле дома №13 по ул.Г.Айтиева;
- возле кинотеатра “Семетей” в мкр.ХБК;
- Возле школы имени Карла Маркса.
Кроме того, со стороны СМП «Ош-Тазалык» в соответствии с санитарными правилами на мусорном полигоне организованы специальные ямы для захоронения медицинских и других опасных отходов со стационарных, обсервационных и других лечебных учреждений больных COVID-19.
акыркы кабарлар, иликтөөлөр, түз эфирлер, элдик көзөмөлдөр,ток шоулор



















