Чубак Жалилов is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met Чубак.
Чубак Жалилов is lid van Facebook. Meld je aan bij Facebook om in contact te komen met Чубак.
Чубак Жалилов, profile picture

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.
Күн көрбөгөн күн көрсө күндүзү чырак күйгүзөт… .
«Боёкчуну боёкчу десе атасынын сакалын боёптур» деген экен илгери бирөө. Касиеттүү орозонун алгачкы күнү «социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана ден соолукту сактоо боюнча комитетте, жума күнкү дем алууну бир саатка узартуу боюнча депутат Икрамов Тазабек мырзанын көтөргөн мыйзамы талкууланды. Маданиятты жакшы билген эл арасында жүрүп жашоонун күрөө тамырын сезе билген комитет төрагасы Садык Шер-Нияз салабаттуу сөзү менен колдоп, анын маанилүү кебин сөздүн кунун билген Момбеков Рыскелди улантып, айтор үч депутат колдоду, алты депутат колдогон жок.
Колдогон депутаттар:
1. Садык Шер-Нияз;
2. Момбеков Рыскелди;
3. Икрамов Тазабек;
Колдобогон депутаттар:
1. Акаев Жанарбек;
2. Исмаилова Аида;
3. Молдобекова Гүлкан;
4. Токторов Алмазбек;
5. Самигуллина Альфия;
6. Строкова Евгения;
Колдогон депутаттардан Аллах ыраазы болсун. Мыйзамдын кабыл алынуусу башка маселе, маселе ким ушул мыйзамды колдогондо турат. Өзүнүн мусулманчылыгын бекемдеп, Курани Каримге кулак салган нарктуу жердин перзенттери экендигине далил беришти.
Кудай Таалам ыйык Куранда айтат:
«Эй, момундар!
Качан азан,
Айтылганда жума күнкү намазга,
Шашылгыла,
Алланы эске салуу (жумушуна).
Соодаӊарды токтоткула!
(Соодадан артык соода бар, пайдасы чоӊ,
Өтө кылдат болгула бир ушуга!)

(Пайда издесеӊ,
Алланы эстеп, зикир кылгын оболу),
Эгер билгиӊер келсе, ушул иштин,
Акыбети жакшыраак да, жогору.

Бүткөн кезде намазыӊар окулуп,
Тарагыла жер-жерлерге,
(Бараар жакка багытты түздөгүлө.
Алла Жоомарт), ырыскыны Берүүчү,
Бир Ошондон алчуӊарды издегиле!

Алланы көп эстегиле!
(Тынчтык конот жүрөк менен маанайга),
Жетесиӊер (көптөн күткөн) таалайга!» (Жума сүрөөсү- 9,10)
Надырбек Алымбековтун котормосунда.

Кудай Таалам колдогон депутаттарды Өзү колдосун, тукумдарынан жакшыларды чыгарсын. Жаман сөз,жаман көз, жаман колдон сактасын. Ыймандан тайгылтпасын. Тилектерин кабыл кылган болсун. Омийин.
Ал эми колдобогон депутаттар боюнча бир-эки ооз сөз. Булардын өз ыктыяры. Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса! Демократик мамлекеттеги парламенте эмне каалаганын айтканга укуктуу. Ошол эле эркин мамлекеттин жараны катары мен Чубак ажы Жалилов мыйзамдын долбоорун колдобогон депутаттар менен…
• Бир дасторкондо олтурбаймын;
• Аларга кол берип салам бербеймин;
• Алардын жаназасына турбаймын, жана менин жаназама келип калыша турган болсо, аларды катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын;
• Булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербеймин;
• Мени уга турган бир туугандарыма дагы ушул осуяттарды багыштаймын;
• Ушул айткан сөзүм менен Кудай Таалам астындагы карызымдан кутулууга аракет кылдым;
• Эгерде, Азирети Муфтий аманатында болгонумда, булардын жакшылык-жамандыктарына катышпасын деп жалпы имамдарга буйрук берген болоор элем;
Мени кээ бирөөлөр радикал же башка деши мүмкүн. Мен болгону –алар укуктарын пайдалангандай эле- сөз эркиндиги деген укугумдан пайдаландым.

Жогорку Кеӊештин интернеттеги дарегинде жайгашкан бул депутаттардын туулган району менен айылын жана кайсы фракциядан экенин айтып койсом ашыкча болбос. Балким кимдин бирөөгө пайдасы тийип калаар:
1. Акаев Жанар. Алай районунун Кабылан-Көл айылы. «СДПК» фракциясы. ЖКдагы мечиттин кереги жок деп айтып эле, жакында айылына мечит ачкандардын катарында жүрдү. Момун мусулман бир алданган жерине экинчи ирет алданбайт.
2. Токторов Алмазбек. Ноокат району, Эски-Ноокат айылы. «Кыргызстан» фракциясы. Фракция жетекчиси Канат ажы Исаев (намаз окуйт).
3. Исмаилова Аида. Бишкек. «Республика-Ата-Журт» фракциясы. Соттошуп мандат алган.
4. Молдобекова Гулкан. Талас району, Кара-Ой айылы. «СДПК» фракциясы.
5. Самигуллина Альфия. Бишкек. «СДПК» фракциясы.
6. Строкова Евгения. «СДПК» фракциясы.

Акырында муфтиятка сунушум:
Динибизди таза сактоо максатында, муфтиятта, динге каршы иш жүргүзгөн, динибизге душмандык кылган, Ислам баалуулуктарын мазактаган, башка динде болгондордун (өзүн мусулман катары көрсөткөндөрдүн) ысымдары атайын базада камтылса. Анткени касиеттүү жаназа намазы мусулмандарга гана окулат эмеспи. Бекер жерден гайрыдинге жаназа окулуп калып, мусулмандардын көрүстөнүнө коюлуп калып, анын жанындагы жаткан башка момун мусулмандарга алардын кесепеттери тийип калбасын. Окуган молдоке да күнөөкөр болуп калбасын.

Кудай Таалам адаштырбасын...

Zh Zhakyp, profile picture
Zh Zhakyp
Каршы чыккан депутаттарга АЛЛАХ балеесин берсин
Kanybek Azimov, profile picture
Kanybek Azimov
Чубак ажыга Орозонун кунундо сабырдуулук каалайм..кекчилдиктен арылсын, бул кишини эл угат, бул создордон кийин канчалаган каргыштар, агрессия, уятсыз создор айтылды. Ушул беле максат?
Zarina Murat, profile picture
Zarina Murat
Jaman katyn ketem dep korkutat boluptur go. Chubak ajyny koop kitep okugan adam, aiyldawym dep syilachuumun. Korso dagy koop okup sabyrduu boluwtuu uyronuwunuz kerek eken. 2 saat tynyguu suragandyn orduna tuwku tynyguu ubaktysyn ozgortkulo desener jakwy bolmok. Bir saatda dele baaryna jetiwse bolot. Chubak ajy jeti olchop bir kesip oilonup anan suylonuz suranam siz uwintip kargansanyz sizdin fanattarynyzga soz jok bolup kalat. Chyn ele yimanduu musulman bolsonuz ozunuz kechirim surap, kechirip koyunuz alardy da Yiyk Ramazan aiynda eldi bolboy...
Кылычбек Азамат, profile picture
Кылычбек Азамат
“Азаттык” Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна ушундай суроо берип, ар кыл жоопторду укту. ВИДЕО http://www.azattyk.org/a/27786411.html
Гүл Шайлообек Кызы, profile picture
Гүл Шайлообек Кызы
Мы светское государство!!!
Erik Diyar, profile picture
Erik Diyar
Чубак ажы Аллах раазы болсун сизден ден соолугунуз бекем болсун!
Идрис Касымов, profile picture
Идрис Касымов
Аллах ыразы болсун сизден Чубак ажы жалилов
Тыныбек Азимович, profile picture
Тыныбек Азимович
Ушул макала чыгаары менен эле биринчилерден болуп коментарий жаздым.Ажыкебизди жаман атты кылуу учун жанар деген куу тумшук атайын провокацияга барат деп.эми бул куу тумшуктун омурун тилейли,жем берген кожоюндары атып олтуруп бут жаман аттыны мусулмандарга калтырат.
Ибрагим Асанов, profile picture
Ибрагим Асанов
Алла субханалаталаа сизге разы болсун домла
Жыргал Акыбаев, profile picture
Жыргал Акыбаев
Ыйык рамазан айында урушбай тургула урушкандар кечиришип жарашгыла
Ибрагим Асанов, profile picture
Ибрагим Асанов
Бул Жанар Акаев мусулманбы же т енирчиби
Улан Зулхайнар, profile picture
Улан Зулхайнар
Мээрбек бутуп эми Жанар чыктыбы? Кыргызстанда нормальный политиктер аз эле калды окшойт
Ибрагим Асанов, profile picture
Ибрагим Асанов
Мусулмандар сабырдуу бололу
Урмат Жээнбеков, profile picture
Урмат Жээнбеков
Жон эле ооз коптуруп, исламды беш колундай билген адамдай суйлой бергендерге тан калам. Чубак ажыны Кыргызстанда гана эмес чет жерлердеги мекендештер ишмердуулугун баалашат, а депутаттарды таанып да коюшпайт керек болсо
Муслима Аллах Велик, profile picture
Муслима Аллах Велик
Аллах ыраазы б олсун сизге:Чубак -Ажы Устах
Erzhan Ryspaev, profile picture
Erzhan Ryspaev
Аллахтын кулдары эки-үчкө бөлүнүп айтышат, ушу темпте кете берсе кан чыгарып чабышат!(Сирия)
Кутман Таң, profile picture
Кутман Таң
Мен да өз оюмду айта кетейин: https://goo.gl/oXQRJf
Сумая Турдубаева, profile picture
Сумая Турдубаева
Жанар аябай суйунуп кол которуптур го башкалардан айырмаланып туболук жашоонду ойлонсон болмок ошол суйунучун ыйга айланып калышын. .Ойлон,ойгон биз деген мусулманбыз.
Gul Husein, profile picture
Gul Husein
Жанардын тарабын алган копчулук аялдар экен.Аял киши акылы аз экенин бардыгывыз билебиз.Аял онолгон коом онолот эмеспи.Эн биринчи Кыргызстан аялдарын онолтуу керек ошондо Жанарга окшогондор да онолот
Gulzar Abdyldaeva, profile picture
Gulzar Abdyldaeva
Алладан коркушту Аалымдар жакшы билет.Чубак ажыга акыл уйротпой эле крйгулачы.Эми мындан кийин ,башкалары да ойлонуп суйлоп калат чыгар
Имаш Бекташов, profile picture
Имаш Бекташов
Жанар мырза сиз Ажыкени Мотуевге тенегениниз туура эмес. Сиз бул сыпаатыныз менен озунуздун дин туурсында Мотуевден айырманыз жоктой сезилет. Сиз сынды туура кабыл алып текеберликти токтотуп. Ажыкебизден бираз сабак алып койсонуз ашыкча болбос.
Lira Sulaimanova, profile picture
Lira Sulaimanova
Туура наасат
Lira Sulaimanova, profile picture
Lira Sulaimanova
1саат эмес Жаны жыл деп 7кун эс алып жатышат 7-апрель иш кун болчу аны майрамга чыгарып алып иштешпейт эми бир саата эмнени иштеген атат пайда бере албасан зыян бере бироонун убалына каргышына колба
Ulan  Chargymbaev, profile picture
Ulan Chargymbaev
Жанар Акаев журналист болуп эле журо берсе болмок депутаттыкка денгээли жете элек экен.
Жусуп Марипов, profile picture
Жусуп Марипов
Чубак дамланы колдойм!!! Жанар Акаев адашып жатат
Баткенский Зулпидин Максым, profile picture
Баткенский Зулпидин Максым
Чубак ажы устазды колдойм АРДАЙЫМ Кыргыз мусулмандары сиз менен ажыке
Borubay Iskender, profile picture
Borubay Iskender
91% мусулмандардын укугун корголбосо, андай депутаттардын ак уйдо олтурганынан не пайда, Жанар Акаев дагы бир жолу адашты
Нурбек Каримбаев, profile picture
Нурбек Каримбаев
Geen fotobeschrijving beschikbaar.
Макел Жумаевич Какылдаков, profile picture
Макел Жумаевич Какылдаков
Чубак ажы Чын эле озун кудайдан кийинки сезип алыптыр го. Ар Ким Аллахтын алдында ОЗУ учун жооп берет. Чыйпылдап жаман кемпирдей болуп ушунчалыкка тушпой эле койсо болмок.
Aselkin Asia, profile picture
Aselkin Asia
АЛЛАХ ТААЛАМ учун сизди жакшы коруп сыйлайбыз Чубак ажы! АЛЛАХ ТААЛАМ сизден ыраазы болсун!!!