“Бир Бол” партиясы жаңыланды
⠀
🔶 “Бир Бол” саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов саясий кеңештин курамы жаңыланганын билдирди.
⠀
“Коомчулуктун талабын аткаруу ар бир партия лидеринин милдети деп эсептейм. Коом бүгүн тазаланууну талап кылып турат. Биздин партиянын курамы жаңыланды. Катарыбыз демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар эл арасынан суурулуп чыккан, өз ишин мыкты билген адистер деп ишенимдүү айта алам. Жаңы курамда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер бар. Мамлекетибиздин алдындагы жоопкерчиликтүү милдеттерди моюнга алуу менен, прогрессивдүү идеяларды иш жүзүнө ашырууга даярбыз”, — деди Алтынбек Сулайманов.
⠀
“Мекендештерибиздин талабына ылайык, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн таза көз караштагы күчтүү команда керек. Сөздөн ишке өтө турган учур келди”, — деп сөзүн жыйынтыктады Алтынбек Сулайманов. #Тазалан #Бирэлбиркүч
_____________________________________________
⠀
Партия “Бир Бол” обновила свой состав
⠀
🔶 Лидер политической партии “Бир Бол” Алтынбек Сулайманов объявил об обновлении состава политического совета.
⠀
“Исполнять требования общественности — обязанность каждого лидера партии. Сейчас народ хочет изменений и новых лиц. Мы прислушались и обновили состав нашей партии. Теперь наши ряды пополнились инициативными молодыми людьми и созидательной командой. Я могу ответственно заявить, что это неравнодушные, болеющие за Родину граждане и знающие свое дело специалисты. В новом составе есть лидеры, которые имеют богатый международный опыт в сфере медицины, экономики, образования, культуры и тд. С такой командой мы возьмем на себя бремя государства и претворим в жизнь новые прогрессивные идеи”, - сказал Алтынбек Сулайманов.
⠀
“По мнению общественности, для развития страны необходима сильная команда с чистыми и новыми взглядами. Пришло время переходить от слов к делу”, - резюмировал Алтынбек Сулайманов.
Билбейсиң ээ, ыйлаарды же күлөөрдү?..
Бийлик күсөп бүгүн дагы силерби?
"Ач тоюнат, ач көз тойбойт" деген чын,
Ант ургурлар, шайлабайбыз силерди.
"Алдооч баштык" амалыңар түгөндү.
Анык таппай кандай беткап кийээрди.
Турасыңар тарп аңдыган чөө сымал,
Туз ургурлар, шайлабайбыз силерди.
Караламан калкка салып чидерди,
Каалагандай шапар тебээр силерби?
Карыңда да катыныңда нысап жок,
Кан соргучтар, шайлабайбыз силерди.
Убадалап укмуштуудай жигерди,
Утушкан соң унутушуп бир элди.
Чиренишкен мансап менен акчага,
"Чимкириктер", шайлабайбыз силерди.
Топ келемиш тоноп ичээр-кийээрди,
Тойгуздуңар. Кекиртекке тирелди.
"Шайтан оюн шартыңарды" билебиз,
Шашпагыла, шайлабайбыз силерди.
М. Сабыров
2020-ж.
Албетте эл ичинде элдин кызматын аркалап келе жаткан адамдын ичин жылытаар жигит кыздар бар экен. Бул да болсо жаңылануу га ташталган үмүт кадамы деп ойлойм.
Албетте саясат бул, башка тармактарга окшобойт. Саясаттын өзүнө тиешелүү тили бар. Жаңы саясатта аттанып турган бир туугандарга айтарым, элдин ортосун ажырымга алып барчу тил эмес, кайрадан ынтымакка, биримдикке чакырчу тилди колдонуу керек.
Кайдагы жалаа жабуучу адамдарга жооп кайтарууга алек болуунун ордуна, алдыга койгон максатыңарды кантип ишке ашыруу нун камын ойлогула.


















