Бишкек шаарынын Мэриясы  /  МЭРИЯ города Бишкек, profile picture
Бишкек шаарынын Мэриясы / МЭРИЯ города Бишкек ist bei Facebook. Um dich mit Бишкек шаарынын Мэриясы / МЭРИЯ города Бишкек zu verbinden, tritt Facebook noch heute bei.
Бишкек шаарынын Мэриясы  /  МЭРИЯ города Бишкек, profile picture
Бишкек шаарынын Мэриясы / МЭРИЯ города Бишкек ist bei Facebook. Um dich mit Бишкек шаарынын Мэриясы / МЭРИЯ города Бишкек zu verbinden, tritt Facebook noch heute bei.
Бишкек шаарынын Мэриясы  /  МЭРИЯ города Бишкек, profile picture

24 саатта миңдеген адамдардын өмүрү сакталууда
Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
Болжол менен күндүзгү стационарлар бир күндө 4 миң адамды кабыл алат. Кечээ биз 4 миң 234 жаранга жардам бердик. Анын ичинен 3 миң 136 жаран тамылатып дары, ийне, 1 миң 75 адам медициналык кеңеш алды, 22 адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы Свердлов районунун стационарларынын биринен 1951-жылы туулган бир аял кишини кеч алып келишип, куткара албай калдык. Анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз...
Бул түнү эки түнкү стационар 608 адамды кабыл алды. Алардын ичинен 246 адамга инфузия терапиясы, 348 адамга медициналык кеңеш берилип, 7 адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы эки адам стационарга жетпей каза болду.
Ишкерлердин колдоосу менен күндүзгү жана түнкү стационарлар кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер менен жабдылып, мобильдик дарыканалар ачылды. Күндүзгү стационарларда 114 кычкылтек концентратору жана 22 дарыкана, ал эми түнкү стационарда 51 концентратор жана 5 дарыкана иштеп жатат.
Күндүзгү стационарлар саат 8:00дөн 20:00 гө чейин, түнкү стационарлар 20:00дөн 8:00гө чейин иштейт. Стационарлардын даректери менен бул шилтемеден тааныша аласыздар: https://www.meria.kg/ky/post/20527
Аталган стационарларда дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Алар жеке коргонуу каражаттары, убактылуу турак-жай, тамак-аш менен камсыздалган.
Белгилей кетсек, стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.
Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил түрү менен ооруп жатсаңыздар, ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш керек болсо саат 8:00дөн 20:00гө чейин күндүзгү стационарларга кайрылсаңыздар болот.
Эгерде түндө сиздердин же жакындарыңыздардын ден соолугуңуздар начарлап кетсе, таңды күтпөстөн 103 тез жардамды чакырыңыздар. Тез жардам кызматы жетишпей калса, анда түнкү стационарларга кайрылыңыздар. Алар сиздерге өз убагында медициналык жардамды көрсөтөт.
Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Бишкек-сүйүктүү шаарым!

Rina Premudraya, profile picture
Rina Premudraya
Соке, депутаттар кайда?
3 J.Melden
Sia Sia, profile picture
Sia Sia
Мактанып эле атасынар, элдер эмне олуп атат анда?! Ачып эле атасынар,же врачтарынар жок,же аппараттарынар жок! Койка дарылайбы элди?!
3 J.Melden
Ähnliche Seiten
28.428 gefällt das
Эл өкүлү, Жогорку Кеңеш / Депутат VII созыва парламента Кыргызской республики. office@surabaldieva.kg
332 gefällt das
Современный комплекс с офисами класса «А» и «Б»
6.253 gefällt das
Искендер Исмаилович Матраимовдун расмий баракчасы.
Официальная страница Искендера Исмаиловича Матраимова.
Mehr ansehen